Get Mystery Box with random crypto!

Автор : Замир кызы Алтынай АГАЙ МЕНИ СҮЙӨСҮЗБҮ? Жактырып кал | Калем✍

Автор : Замир кызы Алтынай
АГАЙ МЕНИ СҮЙӨСҮЗБҮ?

Жактырып калдым сизди агатайым,
Сабакка сиз бар үчүн барам дайым.
Кызыктым жашооңузга билгим келди,
Жок бекен жашооңузда башка айым.

Бир күнү сүйгөн жарым жок дедиңиз,
Чын эле жүрөгүм бош дедиңиз.
Өзүңүз жөнүндө айтып жатып,
Мен туулуп өскөн жерим ош дедиңиз.

Сиз келип кызык болду мектеп мага,
Сезилди жагымдуудай китепкана.
Бир карыш жаныңыздан чыкпай жүрүп,
Өмүрдү сүрүп калдым сиздеп гана.

Мектепти аяктадым ашык болуп,
Көзүмө көштошкондо жашым толуп.
Балалык аруу таза сүйүктүмсүз,
Жолочум сиз болдуңуз багыт берип.

Айтпасам ичке катып сезимимди,
Агатай кийин сизге кезигемби?
Жашырып сүйөөрүмдү айтпай жүрүп,
Ашыкмын деп айтууга кечигемби?

Өзүмдү кыйнабай айтып салып,
Каламбы көздөрүмдү алып качып.
Сиз мени сүйбөймүн деп кетесизби,
Жүрөккө кайгынын тагын жазып.

А балким мени сүйүп жүрөсүзбү?
Билгизбей көрүшкөндө күлөсүзбү?
Менин да сезимимди козгоп анан,
Жашыруун ичиңизден сүйөсүзбү?