2021-09-29 11:37:54
...Кыргыз кызык элбиз. Кытайдын бир жолу колдонула турган көк устарасын он жолу колдонобуз. Шампунь түгөнсө ага суу кошуп, көбүртүп, аягына чейин чыгарабыз. Чоң атабыздан калган «Москвичти» улам устага алып барып оңдотуп минебиз. Негизи, үнөмдөгөндү жакшы билебиз да, неге ушундай аш-тойлордо кашыктап топтогонду чөмүчтөп чачабыз? Эмне үчүн ошол акчаны илим-билим алууга коротпойбуз? Жок дегенде, өзбек туугандардай бир өнөр үйрөнүп албайбызбы? Америкалыктар 3D принтер менен адамдын боорун жасап жатса, корейлер 56 секундада бирден «Хюндай» үлгүсүндөгү автомашина чыгарып жатышат. Биз дале болсо мандаш токунуп алып эт жегенден башканы билбей турган замандабыз.
Тойлор сөзсүз керек. Башка элдердин тойлоруна барып жүрөбүз. Өтө сарамжалдуу жана үнөмдүү. Бизде болсо, керек эмес жоруктар аябай көп. Кытайдан чыккан жасалма калпактар менен көйнөктөр тоймо-той кыдырып, саргайып да кетет. Пайгамбар жашына барып калган чоң ата, чоң апалардын рок-н-роллго бийге түшкөн обу жок кылыктары «YouTube» аркылуу тарап, бүт улутту уят кылып бүттү. Эл жакшылары ушунун баарын эске алып, аш-тойлорду бир нукка сала турган учур бышып калды.
Максат Халилов
513 views08:37