Get Mystery Box with random crypto!

Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.

Telegram арнасының логотипі balatarbia — Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова. Б
Telegram арнасының логотипі balatarbia — Балдар психологиясы, бала тарбиялоо.Рано Акматова.
Арна мекенжайы: @balatarbia
Санаттар: Бала күтімі
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 4.54K
Арнадан сипаттама

Бала тарбиялоо - бул өзүңдү тарбиялоо
Бала- Аллахтын бизге берген аманаты

Ratings & Reviews

1.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

2


Соңғы хабарлар 6

2022-07-09 08:22:36 https://vt.tiktok.com/ZSRJCk5bK/?k=1
68 views05:22
Ашу / Түсініктеме
2022-07-08 21:58:02 https://vt.tiktok.com/ZSRJ5FQXA/?k=1
125 views18:58
Ашу / Түсініктеме
2022-07-08 14:51:20 https://vt.tiktok.com/ZSRJBdtBn/?k=1
231 views11:51
Ашу / Түсініктеме
2022-07-08 08:10:19 Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым
Уулду болгусу келип уктабай жатат деп ойлодуңар, аа! Жаңылышасыңар, андай эмес. Алты ханбийкемди ар балэээден
коргоп уйкум качат. Кыздарыма чаң жугузгум келбейт. Чоңойсо кантип турмушка узатаарымды билбейм.
«Ата, чачымды баягыдай кылып өрүңүзчү»,
«Ата, бул көйнөктү алып бериңизчи»,
«Ата,жомок окуп бериңизчи», «Ата, мага «принцессанын» сүрөтүн тартып бериңизчи», «Ата, карасаң мен минте алам», кандай гана таттуу үндөр.
Алтоо тең мага жакын. Апасына курсагын тойгузганы эле барышат. Келинчегим кээде
таарынып калат. Жумуштан эрте чыгам. Пробкада бир мүнөт туруп калсам жаман болом. «Ушул жерде тургандын ордуна кыздарым менен убакыт өткөрсөм кана»,-деп, кейийм.
Баары кичинекей. Ортолору бир-эки жаш. Төртөө эгиз. Убакыт кайда шашат билбейм. Ушунчалык бат чоңоюп жатышат. Биринчи
тиши, биринчи кадамы, биринчи сөзү. Бирөөсүн да өткөрүп жибергим келбейт.
Алты дептер ачып койгом. Ар бирөөнүн кылыгын жазып турам.
— Ата, мен Эльза болом.
— Бологой кызым.
— Анда мен Аннамын.
— Анна эч нерсени тоңдура албайт.
— Анда Эльза болом.
— Иии, мен Эльзамын. Атааа…
— Экөөң тең Эльза болосуңар а.
Мультфильм көргөндөн кийин, отуруп алып каармандарды бөлүштүрөбүз. Мындайда
талаш-тартыш болбой койбойт. Айла жок дүкөнгө шоколадка жөнөйм. Апасы «үйдө конфет турат, дагы акчаны жок кыласың», — деп урушат. Азыр келем деп чыгып кетем. Кыздарын чанып уул эңсеген аталарга таң калам. Кыз бул кудайдын эң чоң белеги. «Аркаңан тукум калыш керек», «Уул төрөп бербеген аялыңды кетирип, башкасын албайсыңбы» же «Кыздарың кийин турмушка чыгып кетет, жалгыз каласың»
дегендер толтура. Аларды күнөөлөбөйм, бечаралар караңгылыкта калып кетеби деп
боорум ооруйт.
Алдыда эмне күтүп жатканын билбейм, бирок бир нерсени так айта алам. Чачымды ак, бетимди бырыш басып, саксайган,балпайган абышка болгондо, жанымда ушул алты кызым турат.

Бирөө таягым болот,
экинчиси жетелейт, үчүнчүсү кийимдеримди которот, төртүнчүсү тамак жасап берет
бешинчиси ийне саят, алтынчысы
сейилдетип келет. Ошондо баары мага суктанат.

Эки күндөн бери уктай элекмин. Кичүү кызым сыркоолоп калыптыр. Ал онтолосо,жүрөгүм канайт. Бүгүн жакшы уктады.

Түнү
менен кудайымдан ден соолугун сурап чыктым. Аялым эс ал деп урушат. Кантип бейкапар уктайм? Мен деген атамын, ал эми
ата деген биринчи кезекте коргоочу!
286 views05:10
Ашу / Түсініктеме
2022-07-07 20:30:29 https://vt.tiktok.com/ZSRJJPK5f/?k=1
152 views17:30
Ашу / Түсініктеме
2022-07-07 19:15:21 Апага кат

Ассаламу алейкум Лайк баса кетиниз .
Апанарга жөнөтүп койунуз. Апаларды белгилеп кетиниз.

Апа, мен сизге дайыма кайрыла аларымды мага айтыңыз. Ошондо мен чоңойгондо - өзүмө ишене алам.

Апа, сиз мени менен сүйлөшкөндү жакшы көрөрунузду айтыныз. Мен чоңойгондо кызыктуу экенимди билип, түшүнүп жүрөм.

Апа, мага ыйлаганга, ачууланганга, капаланганга, сүйүнгонго тыйуу салба. Мен менен чыныгы тирүү адамдай бол, сезимдеринди көрсөт, катпа, жаппа, каталарынды мойнуна ал. Мен чоңойгондо менде баары жакшы эле экенин тушуном. Ошондо чоңойгондо мен сезимдеримен качып, таң калып, капаланбайм. Сезимдеримди кабыл алам.

Апа, мага эмне болуп жатканын байкап тур. Ошондо мен башка адамдар менен эмоционалдык жакындыкка жөндөмдүү болуп чоңойом.

Апа, мен менен сезимдер жөнүндө сүйлөш. Мен чоңойоондо өзүмдү түшүнөм.

Апа, мага кыйын болгондо, ката кетирсем, ийгиликсиз болгондо мени соорот. Жазалоонун ордуна соорот. Чоңоюп, өзүмдү да, башкаларды да эркек болсом багып кетем. Аял болсом - кандай болсом деле мени жакындарым кабыл алат деп билем.

Апа, менден эмнени жакшы көрөөрүмдү сураңыз, менин муктаждыктарымды жана кызыкчылыктарымды эске алыңыз. Чоңоюп, мен өзүмө да, башкаларга да кам көрө алам, колдоо көрсөтө алам

Апа, сен сүйгөндү мен сүйбөйгөнгө уруксат бер. Каалаганыңды мага каалабаганга уруксат бер. Сиз каалагандай болбогонго уруксат бер. Ошондо мен чоңойуп - чыныгы каалоолорумду түшүнөм.

Апа, мага сизге жок дегенге уруксат бер, макул болбогонума уруксат бер, каршы чыкканга уруксат бер. Ошондо мен чоңоюп башкаларга, "жок" деп айта алам.

Апа, мага эркиндик бер, мени башкарганды токтот. Ошондо мен жоопкерчиликтүү болуп чоңойом.

Апа, мени чонойтом деп шашпаңыз, бала болуп турганга уруксат бер. Алсыз, кичинекей, муктаж боло турайын. Ошондо көз карандысыз, өз алдынча чоңойом.

Апа, мени кандай болсом ошондой сүй. Эч ким менен мени салыштырба. Мен чоңоюп, өзүмдү баалуу сезем.

Апа, мен бала кезимде жанымда бол. Ошондо мен чоңойуп – жалгыздыктан корпойм, кыйналбайм. Мени көбүрөөк кучактап тур. Суранам чоңойсом дагы кучактап тур.

Венера Бокотаева.
297 views16:15
Ашу / Түсініктеме
2022-07-07 11:08:18 Ассалому алейкум
Лайк баса кетиниз

Күнөөлүү сезим

Өзүн куноолоп жашаган адам көп.
Өткөн каталарын эстеп, чечимдерине өкүнгөндөр көп.
Күнөөлүү сезген адам өзүнө болгон таарынычы күчтүү. Өзүн кечире албай жүргөн адам, башкага дагы кечиримдүү боло албайт.
Бактысыз, жашоого нааразы, адамдардан талаптары жана кутуулору көп. Көп учурда жинденген, капаланган сезимдери менен күрөшүүдө жашайт.
Эмнеге?
Анткени мындай адамдардын самооценка сы төмөн, озуно болгон сый, урмат, сүйүүсү жок. Өзүнө андай мамиле кылган башканы дагы жыргатпайт.

Бул сезим, адамдын жашоо образына айланат. Адамдын келбетин таарынган, күнөөлүү адамга өзгөртөт.

Дайма меники туура деп жашоо керек деп ойлоп калбаныз. Болгону ар бир сезимдин өзүнүн чеги, пайдасы жана зыяны болот. Балагста жашоо оңой, бирок буга билим керек.

Бул сезим сизди бир процесске туртууго керек.
Мисалы:
- Намаз окубай жүргөн адам өзүн күнөөлүү сезет, сезим сизди барып кыл деп жатканын тушунунуз керек.

- апасына орой мамиле кылган адам өзүн кунолуу сезет. Барып апаңан кечирим сура, же жылуу сөз айтып кел деп жатканын тушунунуз.
277 views08:08
Ашу / Түсініктеме
2022-07-07 07:43:56 5 жашымда мектепке барып, 6 жашымда 1- классты бутургомун. Башында тамгаларды кошуп окуй албай аябай кыйналгамын, тамганын баарын тааныйм, кошо албайм.
Кантип кошуп окушат деп тан калып журуп, уйронуп кеттим, атамдын кучу менен. Сабагыбызды дайыма атабыз карашчу, апамдын нерви чыдабаса керек да, азыр ойлосом .
Атам эч качан урушкан эмес бизди, окуй албай аткан учурда да жылмайган жузу менен кайра кайра тушундурчу. Неберелерин да баарын атам уйротуп, окутуп келатат.
Кыш келгенде окушту уйронуп калган экемин, себеби алгачкы китебимди окуп баштаганда печканын жанында отурганымы билем.
Текчеден “Мени унутпа” деген кичинекей китепти алып окуп баштагам. Мени темасы кызыктырган болсо керек эле. Энем китепканада иштеген , китепти суйгон адам болгондуктан уйдо китеп коп болчу.

«Мени унутпа»суйуу баянын эки уч барак окуп калганда, апам келип калды, ааии китеп окуп калдынбы, китепкой болот окшойсун, кана кандай китеп окуп атасын- деп темасын карап эле, бул сен окуганга болбойт чондордун китеби деп колумдан алып койгон.

Мен сага детский китептерди алып келем деп толтура китептерди которуп келген.
Алардын ичинен эстегендерим:
Казак эл жомоктору.
Том байкенин кепеси.
Орус эле жомоктору.
Маугли
Аюу жана киши
Алгачкы 1- классымда окуган китептерим.
Алигиче эсимде.

Бирок, бирок деген жери бар да, силерге шыбырап айта берейин , апам угуп калбасын.
Баягы “Мени унутпа” деген суйуу китепти бекитип окуп чыкканмын аягына чейин . Кызыгып эки барагын окуп койгон адам кантип эле тынчып калсын. Аябай кызыгып окусам керек, себеби азыркыга чейин эсимде каармандары, ар бир окуялары .

Андан бери канча китептерди окудум, унуткандарын унутасын. Ошол китеп эч унутулбады .

Кыргыз эл жомокторун таап берин деп журуп чоноюп кеттим. Таба алышкан эмес, оздору китепканада иштешсе да.

Эмнеге кыргыз эл жомоктору жок деп кайгырып, мен чонойгондо коп коп жомок жазам деп кыялданчумун. Бирок чонойсом деле жаза элекмин, жазыш планда бар, аракетти башташ керек.

Кичинениздеби, чонойгондобу окуган китептерден жаза кетиниз комментарийге, канча жашта китеп окууну баштагансыз?
464 views04:43
Ашу / Түсініктеме
2022-07-06 10:40:30

731 views07:40
Ашу / Түсініктеме
2022-07-06 10:40:01 Бала менен сүйлөшүп жатканда, аны окутканда же буйрук бергенде гана тарбиялап жатам деп ойлобонуз.
Сиз баланы өмүрүңүздүн ар бир көз ирмеминде тарбиялайсыз. Бала эненин конулун бир аз өзгөрүшүн дароо көрөт же сезет, жада калса сиз ичинизден ойлонгон нерселер балага көзгө көрүнбөгөн жолдор менен жетет, бирок сиз аларды байкабайсыз. Бала эненин ар бир кыймыл аракети, суйлогон созу, жасаган иштери менен дагы тарбияланат.
Ошондуктан балдарды тарбиялагандан мурун, озубузду тарбиялайлы .
727 views07:40
Ашу / Түсініктеме