2022-07-14 07:17:16
Балдар эркек катары, аларга ишенген апаларды жакшы угушат, ошондуктан алар үчүн жогорку талаптарды койгонду билиниз . Жогорку талапты койгон апалар, уулдарын ушул стандарттарга жооп бере алат деп ишенишет. Бала апасынын озуно ишенгенин сезип ыраазы болуп, урмат сыйы кучой баштайт.
Биз көп учурда бир ката кетиребиз. Жакшы жана жагымдуу корунуп, балдарыбызды аяп, айткан муктаждыктарын тез канааттандырып, алар менен талашпай эле коюу жетиштүү деп эсептейбиз. Ошондо балдарым ар дайым биз менен жакшы мамиледе болушат деп ойлойбуз. Бирок, тескерисинче, көп учурда мындай болбойт. Эгерде бала энесин сыйлабаса, анда ал эч качан ага ишенбейт.
Эгер сиз уулуңузга ар дайым "ооба" деп жооп бере берсеңиз,аны акылдуу чечимдерди кабыл алууга жана бардык талаптарды даярдуулук менен аткарууга үндобосоңүз, уйротпосонуз анда анын урмат-сыйынан жана эмоционалдык жакындыгынан айрыласыз. Анткени балдарыныздын ички туюму аларга мындай жол берүү, жумшактык кооптуу экендигин билип, бала тынчсыздана баштайт.
Оспурум балдар апасынын мындай жумшактыгы, баарына макул боло беруусу күчтүү адамдардан болуп чоңоюшуна жол бербейт деп сезишет. Ошондуктан баланызга тыюу салганды билиниз, олуттуу мамиле кылыныз. Чоон иштерди ишенип балага тапшырганды уйронунуз. Анча мынча туура эмес кылса урушпай тушундурунуз.
Ото жумшак мамиле анан аны кыла албайсын, тийишпе атан озу келип кылат же мен озум бутуром деген ишенбоочулук создор оспурум балдарга эч жакпайт жана кыжырын келтирет.
#балатарбиялоо#балатарбиясы#тарбия#
400 views04:17