Get Mystery Box with random crypto!

Рамадан... 30 күндүк бакыт... 30 күндүк бейпилдик... Жаннатты | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Рамадан... 30 күндүк бакыт... 30 күндүк бейпилдик... Жаннаттын эшигин караган 30 күн... Аргасыздан коштошуп турам. Чарасызмын... Колго конгон бакыт кушундай узап барат, белгисиз тарапка кетип барат. Кайра келер- келбеси белгисиз. Ал келет. Менин жолугар -жолукпасым күмөн. Мүмкүн бармын, мүмкүн жокмун. Бейиш жыттанган айда кайрадан бул жыпардын жытын жута аламынбы? Жутсам экен. Жуткура көр, Оо, Жаратуучум!

Сообу эселенген айда көп ибадат кылып, Бейишке даярдангым келди. Саналуу гана күндөрдө убактымды туура пайдаланып, Жаратканыма жакын болгум келди. Ниетимди түздөп, Аллахка гана жалынып, түндөлөрү сажда кылып, Аллахтан гана үмүт кылып, көз жашымды агызып дуба кылгым келди... Напсим басымдуулук кылды, ыйманым алсыздык кылды. Аллахым талап кылгандай, өзүм ниет кылгандай ибадат кыла алган жокмун.
Мүмкүн, бул нерсе менин кийинки Рамаданды дагы да чыдамсыздык менен, дагы да бийик каалоо-тилектер менен күтүүм үчүндүр?...

Азыр алым келген жалгыз нерсе- жасай алгандарымдын кабыл болуусун сурануу. Оо, Мээримдүү Аллахым! Өзүң үчүн гана ниеттенип, сообун Өзүңдөн гана үмүт кылып туткан орозобузду, окуган парз/сүннөт/тахажжуд/ нафил/ таравих намаздарыбызды кабыл кыла көр! Окулган Куран аяттарын кабыл кылгын,Аллахым! Сага айтылган зикрди кабыл кыла көр, Пайгамбарыбыз (с.а.в)га айтылган салам-салаваттарыбызды жеткире көр! Кийинки Рамаданды төрт көз түгөл, алты саныбыз аман жетүүбүздү насип кылгын,Аллахым!


[13.05.2021] [09:42]