Get Mystery Box with random crypto!

Бүгүн, КТРКнын 'Аруузат' теле берүүсүндө түз эфирде болуп, кел | Турат Алыбаев

Бүгүн, КТРКнын "Аруузат" теле берүүсүндө түз эфирде болуп, келечектин кесиптери деген темада баарлашып келдик.
Бирок, убакыт өтө аз болгондуктан, мага 10 мүнөт берилди, деталдуу маалымат бере алган жокмун. Себеби АйТи тармагы тууралуу айтып отурсам, 6 күн айтсам түгөнбөйт.

Ошентсе дагы, бул 10 минутанын ичинде өтө бир керектүү маалыматтарды камтыганга аракет кылдым.

Биринчиден, программалоо тармагы өтө бир чоң тармак экенин, анын ичинде да көптөгөн адистиктер жана кесиптер бар экенин, бул тармакка кызыгуучулар өз багытын туура таап андан кийин баштаса деген ойду айттым.

Экинчиден, дүйнөдө АйТи адисине өтө чоң муктаждык бар, жана биздин өлкөдө да күн санап өсүүдө, ушуга токтолдум.

Акыркы болуп, биздин "Келечек" акысыз АйТи долбоору тууралуу маалымат берип, долбоордун кыскача тарыхына жана анын уюштуруучу, демөөрчүлөрүнө токтолуп өттүм. Демөөрчүлүк кылып жаткан Бакыт Абдишов жана анын келинчеги Айдана Өмүрбаева тууралуу айтып, Жылдыз Академинин уюштуруучусу Тимур Моне мырза тууралуу жана бул академинин аты урматтуу Жылдыз апанын атынан коюлганын баса белгилеп өттүм.
Бул эфирде менден кийин дагы эки кесип ээси өз тармактары тууралуу маек куруп беришти.
Менден кийин маек курган Алтынай эже тууралуу жакшы маалымат ала албай калдым. Акыркы болуп сүйлөгөн Гүлиза Шайырбек кызы болсо СММ тууралуу абдан кызыктуу маек куруп берди.