Get Mystery Box with random crypto!

​ Чыныгы ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК Салам урматтуу окурманым, Кудайга шү | Турат Алыбаев

Чыныгы ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК

Салам урматтуу окурманым, Кудайга шүгүр, бүгүн өлкөбүздүн эгемендүүлүк алган күнү. Бизден жаман жашап жаткан, эгемендүүлүгү жок, эне-тили жок, дили жок, тили жок көптөгөн өлкөлөр бар. Аларды карап туруп шүгүр дебей коё албайм. Андыктан эгемендүүлүк күнүбүз куттуу болсун!

Бирок, мен бүгүн сиздер үчүн ЧЫНЫГЫ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК күнүн каалайм!

Биздин өлкөбүз качан чынында эгемендүү болот?

Жүз миңдеген жараным, мигрант болуп Орусияда жүрбөсө, айлар бою Америкага билет элем деп күтпөсө, Европанын эшигин кагып, эптеп кирип кетейин деп эзилип шай кетпесе, кырчындай өмүрлөр жолдо кыйылып кетпесе, Кудай берген ырыскыны, миграциядан издеп азап чекпесе мына ушул чыныгы эгемендик дейт элем.

Мунун баарын жазып коюш мага оңой, айтып коюш ар адамга оңой, кантип деген суроо келдиби?

Анда, өлкөмдүн ар бир жараны окуса дейм.

Ушундай бир илимдин-билимдин ээси болуңуз, ушунчалык жакшы окуңуз, ушунчалык майын чыгара окуңуз, Американын бир компаниясынан сиз үчүн өзгөчө бир кат келсинчи, урматтуу Кыргызстандык БАЛАНЧА (жакшы элестетиңиз, бул жерде сиздин атыңыз), биздин компанияга келип иштеп бербесеңиз болбой калды, биз алдыга жол таппай калдык, банкрот болуп жок болуп кетип куурабайлы, эмне десеңиз берели, эмне айтсаңыз көнөлү, сиз келип бизди бул баткактан сууруп чыгыңыз – деген кат менен жалдырап калганда, мына чыныгы эгемендик.

Азыр импортко келип жаткан ар бир товар, өлкөбүздөн экспортко чыкса дейм. Мисалы Жапониядан унаа алып келе албай кыйналбай, андай унаанын эң мыктысын сиздин уулуңуз чыгарсын. Биздин мамлекеттен деле Корейлер унаа чыгарса жакшы болмок деп тилебей, уулуңуздун билимдүү болушуна кам көрүңүз, кызыңызды окутуңуз, мына ошолор чыгарат. Ошондо уулуңуз – кызыңыз Орусияга кантип мигрант болуп барам деп жашабай, ушул УНААМДЫ Орусияга кантип сатам деп ойлонуп жашайт, мына ушул чыныгы эгемендик.

Айтсам, жазсам сөз бүтпөс. Казак, Өзбек, Тажик коңшулар, мындай өлкөдөн жер талашмак тургай, чек арасын ачып алып, бир Кыргыз кирип, биздин өлкөбүздө ишкерлик кылса экен деп күтмөк. 7 млн Кыргызым, дүйнөнү кантип багат деп коркпогула, дагы 70 млн башкалар, ушул жерде темселеп, эптеп оокат кылайын деп, сенин отуң менен кирип, күлүң менен чыгып жүрмөк. Ошондо да Айкөл, алабарман Кайран Кыргызым булар да болсо адам деп, өз оокатын өзү эле кыла бермек, аларга жөн эле тамак жеп бергени үчүн айлык бермек – мына ушул ЧЫНЫГЫ ЭГЕМЕНДИК.
Оо Урматтуу элим, ЧЫНЫГЫ ЭГЕМЕНДИК КҮНҮБҮЗ куттуу болсун!!!

Эгер чын эле ушундай эгемендик кааласаңыз, эч кимдин колун карабаңыз, качан бизде ушундай болот дебей, азыр дароо окууну баштасаңыз. Окууга эч качан кеч эмес, кеч болсо балаңызды окутуңуз, балаңызды окута албасаңыз, башкалардын окуусуна салым кошуңуз. Кыскасы окуу боло берсин, чыныгы эгемендик акырын бизге келе берсин.

Өзүңдү өнүктүр, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кош дегенимди эми билген чыгарсыз, эми кантип өнүкпөй карап турарсыз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 31-август 2022-жыл. Эгемендүүлүк күнү!