Get Mystery Box with random crypto!

​ Flutter – мобилдик тиркеме иштеп чыгуу курсу Биз буга чей | Турат Алыбаев

Flutter – мобилдик тиркеме иштеп чыгуу курсу

Биз буга чейин онлайн гана окутуп, онлайн гана иштеп келгенбиз.
Жаңы офисибиз ачылгандан бери, онлайн дагы, офлайн дагы иштеп, өзүбүз жасап жаткан иштерди АйТи тармагына кызыккан, ушул жактан өзүн издеген мекендештерибизге үйрөтүп да келебиз.

Бул жолу имаратыбыз чоң, орундар кенен, 5-сентябрь күнү, 2 группа офлайн, 1-группа онлайн курс баштап жатабыз.

Бул курс 6 ай убакыт созулат. 6 айдан кийин курстун катышуучулары жумуш издеп башташат, жумуш тапканы иштей берет, таба албаганы биздин компанияда 3 ай акысыз стажировкага катыша алышат.

Мобилдик тиркеме жасоо башынан, 0 дөн башталат.

Каалоочулардын бардыгына эшигибиз ачык.

Бул постту АйТи окуйм деген досторуңузга жибериңиз, АйТи тармагына кызыккандар + калтыра бериңиздер, биз өзүбүз байланышып алабыз.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 24-август, 2022-жыл.