Get Mystery Box with random crypto!

​ Ийгиликтин жекшембиси, дем алышы, каникулу жок! Урматтуу ок | Турат Алыбаев

Ийгиликтин жекшембиси, дем алышы, каникулу жок!
Урматтуу окурманым эгер конкреттүү бир максатыбыз болсо, кандайдыр бир нерсени ийгилик деп эсептеп, аны көздөй жүрүп жаткан болсок, анда эртең менен уктап кала албайт экенсиң, дем алыш, жекшемби, каникул деген ойго да келбей калат экен.
Жаңы офисибизде Кудай деп иштерибизди баштап алдык, алгачкы жолу 19-августта чоң масштабда акысыз АйТи жолугушуу өткөрдүк. Бул жолугушууга АйТи дүйнөсүндө эмгектенип жүргөн абдан мыкты инсандар келип сүйлөп беришти.
Тимур Моне – Жылдыз Академисинин жана Йурта стартабынын негиздөөчүсү, биздин да АйТи тармагына кирүүбүзгө эң чоң себепчи болгон мыкты жигит. Тимур мырза да өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн ар бир адам өзүн өнүктүрүү керек экендигине басым жасап, ар бир адам өзүнчө бир чоң дүйнө экенин айтып өттү.
Акак Сыргак – Германияда чоң АйТи компанияда Full Stack програмчы. Акак айым дагы өз сөзүндө билимдин маанилүү экенине басым жасап, жаштарга жана АйТиге кызыккандарга өтө баалуу сөздөрүн айтып өттү.
Динара Бакирова – Пиксофт Хаус АйТи компаниясынын АйТи курстарынын жетекчиси. Динара айым өз АйТи жолу тууралуу сүйлөп, ар бир адам эле АйТиден өз ордун тапса болот экенин жана айрыкча айымдардын орду АйТиде экенин айтып өттү.
Кылымбек Талгартбеков – Swift програмчы. Кылымбек мырза дагы өз АйТи жолу тууралуу айтып, АйТи көчмөн эл үчүн ыңгайлуу кесип экенин, жана ийгиликтүү болуу үчүн күндүз Кыргызстанда иштеп, кечкисин Канада өлкөсү менен иштешип жатканын айтып өттү.
Элдияр Алмазбек – Flutter програмчы. Элдияр мырза дагы АйТи аркылуу чоң ийгиликтерге жетсе болот экенине басым жасап, бир жыл мурда жүк ташуучу (грузчик) болуп эмгектенип жүрүп, азыркы учурда талбаган эмгеги менен Швейцариялык компанияда програмчы болуп эмгектенип, бели менен эмес, мээси менен эмгектенип жакшы каражат таап жатканын айтып өттү.
Данияр Алимбаев – Flutter програмчы, Донсофт компаниясынын ээси. Данияр мырза дагы АйТи тармагынын мыкты агитатору, бул жерде да коомчулукту АйТи окугула деп, АйТинин артыкчылыктары менен тааныштырып өттү.
Нуржама Ырысбекова – Украиналык компанияды HR адиси. Нуржамал айым дагы өз сөзүндө айымдардын орду АйТиде өтө ыңгайлуу экенин айтып өттү.
Сөз сүйлөгөн програмчылардан тышкары, залды толтуруп келип берген конокторубузга ыраазычылык айтам. Ким бул жолугушууга келсе, баары мени сыйлаган мен аларды сыйлаган мыкты инсандар. Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.
Бул жолку иш чарабыз кандай өттү билбейм, балким кемчиликтер болгон чыгар, балким айрымдарга жакпаган да болушу мүмкүн, бирок биринчи жолу болуп жатканы үчүн өзүмө абдан жакшы, өтө толкундандым, ушунчалык көп адамдын келгени бизди укмуштуудай сонун сезимдерди тартуулады. Калган сөздү сүрөттөр айтсын, сүрөттөрдүн шилтемесин, макаланын аягына жайгаштырдым.
Бирок, жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска болбойлу. Ушундай сонун иштерди уюштурууда жана дайыма моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп турган Азамат Акматов агайымды айта кетпесем болбойт. Азамат агай менен бирге Таалай агай, Элдияр мырза, Мустафа, Элеонора, Назира, Айдайым, Адилбек, Нурзат деген өтө мыкты адамдар биздин командада кызмат көрсөтүп жатышат. Бул адамдардын ар бири өзүнчө бир дүйнө, ар биринин өзүнчө чоң бир кызматы, чоң бир орду бар, буларсыз биздин команда толук болбойт. Ар бирине терең ыраазычылык билдирем.
Урматтуу окурманым, эгер сиз бул жолугушууга келген болсоңуз өз пикириңизди тартынбай жаза кетиңиз, жакпаса жакпаган жерин айтыңыз, кемчиликтерди оңдойлу, жакса жаккан жерин айтыңыз, жакшыбызды дагы да жакшырталы. Токтобойлу, алдыга жыла берели.
Биздин да бир максатыбыз бар, биздин максатыбыз өлкөбүздүн өнүктүрө турган инсандарды чыгаруу. Анткени бул өлкөнү өнүктүрүү ар бирибиздин колубузда экенин эң жакшы билебиз. Андыктан сиз дагы өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! Биз менен ар дайым бирге болуңуз!

Жолугушуудагы сүрөттөрдү бул шилтемеден алыңыз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 21-август, 2022-жыл, жекшемби.