Get Mystery Box with random crypto!

​ Эмне үчүн IT аялдар үчүн идеалдуу? Учурда көптөгөн талант | Турат Алыбаев

Эмне үчүн IT аялдар үчүн идеалдуу?

Учурда көптөгөн таланттуу жана акылдуу кыз келиндер өз потенциалын туура колдоно албай же ача албай арзыбаган тыйын үчүн иштеп алтындай болгон убактысынан жана ден соолугунан айрылып жатышат. Көпчүлүгү болсо үй-бүлө менен карьеранын ортосунда калып, айласы кетип жатат.

Анда эмне үчүн IT аялдар үчүн идеалдуу?

Аралыктан иштөө. Көпчүлүк аялдар үй-бүлөсүн кыя албай карьера жасоодон кыйналышат, ошондуктан үйдө отуруп, балдарынын жанында, үй-бүлөсү менен бирге болуп карьера жасоого бул мыкты мүмкүнчүлүк.

Айлык акынын жогору болгондугу. Алты ай жакшылап окуп туруп, жашооңду 180 градуска өзгөртүп кетүүгө толук мүмкүн. Бишкекте эле жуниор (башталгыч айти адиси) адистердин эле айлыгы 300-500 АКШ долларынан башталат, Орусияда 800, ал эми АКШнын өзүндө болсо 5000 АКШ долларынан жогору айына тапса болот. Баарынан да кызыгы, улам сиздин тажрыйба арткан сайын, дагы да окуган сайын айлык акыңыз дагы да өсүп отурат.

Теңдик жана өнүгүү. Эгер сизде билим жана жетиштүү тажрыйба боло турган болсо жана иштөө үчүн каалооңуз болсо – анда эч ким сизге гендердик теңсиздик кыла албайт. АйТи тармагында ар дайыма өсүүгө мүмкүнчүлүк бар, карьерада болсун, билимде болсун өсүп турса толук мүмкүн.

Тандоо эркиндиги. Эгер сиз ойлоп жаткан болсоңуз, мен техникага жакын эмесмин же бул тармак мен үчүн эмес деп – анда сиз жаңылышасыз. Себеби дегенде АйТи тармагы бул бүтүндөй бир океан, ал жакта сиз үчүн табыла турган сөзсүз бир нерсе бар. Мисалы, техникалык эмес да АйТинин тармактары бар, алар: Product Manager, HR, marketing, дизайн, сатуу менежери ж.б.

Саякаттоо же башка өлкөлөргө көчүп жашоо мүмкүнчүлүгү.

X кесиптен — ITге. Мен билгенден көптөгөн сонун адамдар башка ар кандай тармактардан АйТи тармагын келгенин билем. Мисалы, юрист, бухгалтер, экономист, таксист деген сыяктуу кесиптерден АйТи тармагына өтүшкөн.
Эң башкысы мен дагы гуманитардык тармактан келгем. Кесибим тарыхчы. Тарых тармагында бакалврды аяктагандан кийин жарым жылдай убакыт Frontend Developer тармагын окуп жана ошол тармакта иштедим. Азыр болсо АКШды Computer Science боюнча магистратураны окуп жаткан учурум, бош учурларымда болсо DevOps тармагында өз алдымча өзүмдү өнүктүрүп жатам. Өз тажрыйбама таянып айта турган болсом, болбойт деген нерсе жок, баарын кылса болот. Келиңиздер өз билимибиз үчүн, АйТи тармагы үчүн өзүбүзгө инвестиция кылалы. Эң негизгиси бири-бирибизди колдоого алалы, баштайлы жана эч качан таштабайлы.

Наргиза Рысбекованын Инстаграм баракчасынан алып, Кыргызча которуп даярдаган Турат Алыбаев.