Get Mystery Box with random crypto!

​ ЖРТ баллым 110 го жетпей калды эми эмне кылам? Акыркы кез | Турат Алыбаев

ЖРТ баллым 110 го жетпей калды эми эмне кылам?

Акыркы кездери эң көп суралган суроолордун бирин ушул толуктап жатат. ЖРТ баллым 110 баллга жетпей калды. Же ЖРТдан аз алып калдым. ЖРТсы жок кайсы окуу жайга өтө алам? Университет окуганым жакшыбы? Кайсы коллеж жакшы окутат? Кыскасын айтканда акыркы күндөрү абитуриенттерге жооп бергенден башка иш деле кылбай калдык өңдөнөт.

Ошондуктан, жалпылап жооп жазып коюуну туура көрүп турам.

Анан да бул суроолордун арасында өтө сонун бир суроо бар, "агай мага кайсы кесипти сунушатйсыз?" – дешет. Урматтуу абитуриент, ар бир адам өз кесибин өзү тандаганы жакшы. Биринчиден сизди тааныбаганыбыз үчүн сизге туура кесипти биз сунуштай албайбыз.

Бир жолу бир абитуриентке сизди тааныбасам кантип сизге сунуштайт элем десем, “азыр заман ушундай, таанышка эле жардам кылышат” – деп таарынса болобу?

ЖРТ баллы 110 го жетпей калгандарга 1 жыл дагы жакшылап даярданууну сунуштап жатабыз.
Каалаган баллына жете албай, азыраак болуп калгандарга дагы ушул жооп жетиштүү.
ЖРТсы жок окуткан окуу жайлар контракт менен окутат, балким жакшы деле окутпаса керек, себеби аты чыккан, белгилүү окуу жайлар ЖРТ баллы жок окутпайт.

Университетпи же коллежби?

Бул суроого да жооп берүү абдан татаал. Чынын айтсам өлкөбүздүн эч бир жогорку окуу жайы дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларынын катарына кире албайт. Коллеждери деле ошондой.

Урматтуу абитуриент, мыкты адис, мыкты кесип ээси болуу үчүн чынында жакшы окуу жай дагы таасир этиши толук мүмкүн, бирок эгер сиз кааласаңыз, кайсы окуу жайга болсо да тапшырып өтүп алып, окуган окуу жайыңыздын эң мыкты студенти болуңуз, группанын лидери, группанын эң алды болуңуз, дайыма окуу менен алек болуңуз, дайыма өзүңүздү өнүктүрүңүз, ошондо сиз балким эң жаман университетте окуп деле эң мыкты адис болуп чыгарсыз.

Көп китеп окуңуз, кошумча курстарга барыңыз, убактыңызды туура пайдаланыңыз, башкалар эс алып жүргөндө, классташтар чогулуш кылганда, туулган күнгө барганда сиз барбай койсоңуз эч нерсеңиз кемип калбайт, бирок бир канча убакыттан кийин сиз эң мыкты адис болуп чыгышыңыз толук мүмкүн.

Эс алуунун жеке түрүн өздөштүрүп алыңыз, таза абада азыраак убакыт эс алууну адатка айлантыңыз.

Урматтуу абитуриент, бул өлкөнүн келечеги сиздин өнүгүүңүзгө түздөн-түз байланыштуу, эгер сиз окубасаңыз, өнүкпөсөңүз, бул өлкө ушул бойдон кете берет, бирок сиз өзүңүздү өнүктүрүп, дүйнөгө белгилүү мыкты инсан, мыкты адис, мыкты адам болсоңуз анда бул өлкө да өнүккөн, мыкты, белгилүү өлкө болот. Андыктан өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 21-июнь, 2022-жыл.