Get Mystery Box with random crypto!

Өлүккө кылынган жакшылыктардын эң жакшысы – ал үчүн дуба кылуу | ТИЛМЕЧ

Өлүккө кылынган жакшылыктардын эң жакшысы – ал үчүн дуба кылуу, анын күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим тилеп истигфар айтуу.

Сиз дүйнөдөн өтүп кеткен жакындарыңызга акыркы жолу качан дуба кылдыңыз, качан алар үчүн Аллахтан кечирим сурадыңыз?

Аларга азыр дуба кылыңыз! Дуба кылууда сөзсүз эле дасторкон салыш же такыя кийиш же даараттуу болуш же алакан жайыш шарт эмес. Кандай абалда болсоңуз да, кайсы жакта болсоңуз да, ошол абалыңызда сыртыңыздан же ичиңизден дуба кыла бересиз.

Эгерде эмне деп дуба кылам деп билбей жатсаңыз, анда ушундай дуба кылсаңыз да болот:

– Оо, Аллах! Дүйнөдөн өтүп кеткен баланча тууганымдын же ата-энемдин ж.б. адамдардын күнөөлөрүн кечир! Аларга ырайым кыл! Сурагын жеңил кыл! Бейишке кирген адамдардын катарына кош! Алардан жакшылыгыңды аяба, аларды Өз ырайымыңа бөлө! Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин да, алардын да күнөөлөрүн кечир!

➤➤ https://t.me/tilmech