Get Mystery Box with random crypto!

​​ МАРКУМГА ДУБА КЫЛГАНДЫ УНУТПА Аалымдардын бири айтат: «Би | ТИЛМЕЧ

​​ МАРКУМГА ДУБА КЫЛГАНДЫ УНУТПА

Аалымдардын бири айтат: «Бир жакка сапар кылып барып калдым. Мен ал жерде чоочун жана баш калкалай турган жерим жок болгондуктан, мечиттердин бирине барып уктадым. Уктап жатсам жаназа окуу үчүн адамдар топурап кирип келишти. Ошондо ичинден мен дагы соопчулук үчүн кошулуп жаназа окуюн дедим да, алар менен чогу жаназа окудум. Анан алар менен кошо аны көмүү үчүн бардым. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«Кимде-ким маркумдун жаназасына катышса, анда ал бир карат өлчөмүндө сооп алат. Ал эми ким көмгөнүнө да катышса, анда ага эки карат өлчөмүндө сооп жазылат». Андан: «Эки карат деген канча?» – деп сураганда: «Ал эки чоң тоо сыяктуу» – деп жооп берди». (Сахих Бухари, 1325)

Адамдар маркумду көмгөндөн кийин бири да калбай кайтып кетишти. Ошондо ичимден бул өлгөн адам азыркы учурда дубага өтө муктаж деп Аллахка кайрылып:

– Оо, Раббим! Бул адам Сага конок болуп келди, бирок мен аны тааныбайм. Эгер бул адам мага конок болуп келсе, аны тааныбасам да мен ага сый көрсөтмөкмүн. Сен болсо жоомарттардын эң жоомартысың, эми кантип ага сый көрсөтпөй коёсуң?! – деп дуба кылдым.

Андан соң мечитке кайра келип уктадым. Түшүмдө аппак кийимчен бир адамды көрдүм. Ал менден: «Мага дуба кылган адам сен белең?» – деп сурады. «Сен кимсиң?» – дедим. Ошондо ал айтты: «Сен дуба кылган кабырдагы адам менмин. Аллахка ант болсун, Аллах сенин дубаң себептүү күнөөлөрүмдү кечирди». 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз