Get Mystery Box with random crypto!

❏ СУРОО: АССАЛАМ АЛЕЙКУМ. ЧУБАК УСТАЗ КАРЫЗ ОРОЗО МЕНЕН ШАВВАЛ | ТИЛМЕЧ

СУРОО:
АССАЛАМ АЛЕЙКУМ. ЧУБАК УСТАЗ КАРЫЗ ОРОЗО МЕНЕН ШАВВАЛ ОРОЗОСУН БИРГЕ НИЕТ КЫЛЫП КАРМАСА БОЛОТ ДЕП АЙТКАН ЭКЕН. ОШОНДО ӨЗ-ӨЗҮНЧӨ КАРМАЙБЫЗБЫ ЖЕ ЧОГУ КАРМАЙБЫЗБЫ, КАЙСЫНЫСЫ ТУУРА?

ЖООП:
Ооба, Чубак ажы айткан ойду айткан аалымдар да бар. Ал туурасында фикх китептерде келет. Негизи аалымдар каза орозо менен Шаввал орозосуна карата үч абалды айтышкан:

1. Казаны биринчи тутуп, кийин Шаввалдын алты күнүн тутуу.

2. Шаввалдын алты күнүн тутуп, кийин казаны тутуу.

3. Каза менен Шаввалды бириктирип тутуу, б.а. экөөсүнө бирдей ниет кылуу.

Жогоруда айтылган 3 абал тең туура. Адам абалына жараша каалаганындай тута берсе болот. Бирок үчөөнүн кайсынысы күчтүү ой-пикирге негизделген, кайсы ойду көпчүлүк аалымдар колдогон десе, казаны биринчи тутуп, андан кийин Шаввалдын алты күнүн тутуу деген ой басымдуу туура ой-пикир болуп саналат. Себеби хадисте пайгамбарыбыз «ким Рамазан орозосун кармап, андан кийин ага улап Шаввалдын 6 күнүн тутса...» деп Шаввалдын орозосун Рамазандыкынан өзүнчө бөлүп айтты. Ал эми Рамазанда тутулбай калган күндөр каза болуп, алар Рамазан орозосуна кирет. Мындайча айтканда, адам каза орозону толук туткандан кийин гана Рамазанды толук туткан болуп эсептелет. Ошого ылайык биринчи Рамазанды толукташ үчүн калып кеткен күндөрдүн казасын тутат, андан кийин Шаввалдын алты күнүн тутат. Ушундай кылып туткан адам акыретте толук соопко жетет.

Эгер экөөсүн бир ниетте тутам десе өз эрки, бирок акыретте экөөсү эки башка тутулуш керек дегендей абал жаралса, анда ал өз-өзүнчө тутпаганы үчүн ал сооптон куру калышы мүмкүн. Ал эми толук соопко жетем деген адам, ошого ылайык абалда тутууга аракет кылып, шектүү абалдан алыстайт.