Get Mystery Box with random crypto!

​​ КАДЫР ТҮНДҮ КАНТИП ТОСУУ КЕРЕК? ❏ КАДЫР ТҮНДҮ СААТ КАНЧАД | ТИЛМЕЧ

​​ КАДЫР ТҮНДҮ КАНТИП ТОСУУ КЕРЕК?

❏ КАДЫР ТҮНДҮ СААТ КАНЧАДАН БАШТАП ТОСУУ КЕРЕК?
 
ЖООП:
Кадыр түн шам намазынан баштап багымдат намазына чейинки аралыкта тосулат. Тагыраак айтканда, ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин тосуу керек.

❏ КАДЫР ТҮНДӨ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ КЫЛУУ КЕРЕК? 
 
ЖООП:
Кадыр түндө жалпы эле ибадаттарды кылууга уруксат. Бирок төрт ибадатка айрыкча көңүл буруу зарыл: 
1) Намаз 
2) Куран 
3) Зикир 
4) Дуба 
Ушул төрт ибадатты алмак-салмак кылыңыз. Мисалы, намаз окуңуз, эгер чарчасаңыз Куран окуңуз. Эгер уйкуңуз келип баратса, эшикке чыгып уйкуңузду ачып сергип келиңиз, кийин туруп кайра намаз окуңуз, андан соң отуруп зикир чалыңыз, намаздардын араларында дуба кылыңыз ж.б. Ар бир убакытты ушул ибадаттардын бири менен өткөрүңүз.

❏ МИСАЛЫ, КАЙСЫ НАМАЗДАРДЫ ОКУЙБУЗ? КАНДАЙ НИЕТ КЫЛАБЫЗ?
 
ЖООП:
Кадыр түн үчүн атайын белгиленген намаз жок. Адатта орозодо окулган намаздарды окуй бересиз, мисалы таравих намазы окулат, тахажуд намазы окулат ж.б. Мисалы, куптанды окуңуз, андан кийин таравихти окуңуз. Андан кийин эки-эки рекеттен тахажуд окуңуз. Тахажуд намазы кадимки эле эки рекет намаздай окулат, бир гана айырмасы, ниет кылганда тахажуд намазы деп кыласыз. Канча кааласаңыз ошончо окуй бересиз. 

❏ КУРАН ОКУГАНДА АРАБЧАДАН ОКУУ КЕРЕКПИ? ЖЕ КОТОРМОСУН ДА ОКУСА БОЛОБУ?
 
ЖООП:
Эң жакшысы арабча Куранды окуганы. Анткени хадистерде Курандын окулган ар бир тамсына ондон сооп берилет деп жазылган. Эгерде арабча окуганды билбесеңиз, анда Курандын кыргызча котормосун окуңуз же болбосо Курандан жаттаган сүрөөлөрдү оозеки окусаңыз да болот. 

❏ ДУБА КЫЛГАНДА КАНДАЙ ДУБАЛАРДЫ КЫЛУУ ЗАРЫЛ?
 
ЖООП:
Дуба кылганда жалпы эле дубаларды кыла бересиз, Куран-сүннөттө келген дубаларды айтканыңыз жакшы. Билбесеңиз, анда жакшы ой-тилектерди камтыган жалпы эле дубаларды айтсаңыз болот. Мисалы: «Оо, Аллах! Мени туура жолго сал, бейишке киргиз, тозоктон сакта, мага хидаят бер, күнөөлөрүмдү кечир, тооболорумду кабыл кыл, бактылуу, ырыстуу пенделериңден кыл, акыретте бейишке кирүүнү насып кыл, акыйкат жолдон адаштырба, ыйманымдан айрыба, ден-соолукта кыл, ийгилик бер ж.б.» маанидеги дубаларды айтсаңыз болот.

Дуба кылардан алдын сөзсүз дубанын адептерине көңүл буруу зарыл. Дуба кылардан алдын алгач Аллахка мактоолорду айтып, Аны улуктап баштаңыз, андан соң пайгамбарыбызга салават айтыңыз, андан соң дуба кылыңыз, тилектериңизди сураңыз, анан акырында салават айтып бүтүрүңүз. Кимде-ким ушундай кылса, анда анын дубасы кабыл болот.

❏ КАДЫР ТҮН ТОСУУДА ЭМНЕЛЕРДЕН АЛЫС БОЛУУ КЕРЕК?
 
ЖООП:
Кадыр түндө ибадаттан алаксыткан, күнөө болгон бардык иштерден алыс болуу зарыл. Мисалы, телевизор көрүү, кино көрүү, сотка чукулоо, интернетке алаксуу, ушакташуу, адамдар менен чогулуп дасторкон жайып пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп олтуруу ж.б. Кээ бир адамдар ойлошот, Кадыр түндө уктабасаң эле тоскон болосуң деп. Бул туура эмес. Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөрүү керек. Себеби бул түн жыл ичиндеги эң ыйык түн. Ким ушул түндү ибадат кылуу менен өткөрсө, анда анын кылган ибадаттары миң ай ибадат кылганга барабар болот. Ошондуктан бул түндүн ар бир мүнөтүн ибадат менен гана өткөрүүгө аракет кылуу зарыл.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз