Get Mystery Box with random crypto!

​​ 300 МИҢ КУЛДУ АЗАТ КЫЛГАНДАЙ СООП АЛГЫҢ КЕЛЕБИ? Зикир кыл | ТИЛМЕЧ

​​ 300 МИҢ КУЛДУ АЗАТ КЫЛГАНДАЙ СООП АЛГЫҢ КЕЛЕБИ?

Зикир кылуу – эң улуу жана эң жеңил ибадаттардын бири. Анткени ал тилге жеңил жана адамдан көп аракетти талап кылбайт. Айрыкча Рамазан айында кылуу сооптуу иштерден болуп саналат. Эгерде адам Кадыр түнү зикир кыла турган болсо, анда ал он миң эсе көп сооп алат. 
 
Зикирлердин эң улугу – күбөлүк келмеси. Ал эми келменин түрлөрүнөн эң жакшысы – «лаа илааха иллаллаху уахдаху лаа шариика лаху, лахуль мульку уа лахуль хамду, уа хуа аълаа кулли шайин кодиир». 

لاَ إلَهَ إلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لاَ شَريكَ لَهُ، لَهُ المُلْكُ وَلَهُ الحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Мааниси: Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү.

Имам Бухари менен имам Муслимдин «Сахих» хадистер жыйнактарында риваят кылынган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бул зикир тууралуу мындай деп айткан:
 
«Кимде-ким ушул келмени 100 жолу айта турган болсо, анда ал он кулду азат кылгандай сооп алат». (Сахих Бухари, 3293; Сахих Муслим, 2691)

Эгерде адам Рамазандын акыркы 10 түнүндө ушул зикирди 100 жолудан айтып, анын айтканы Кадыр түнгө туш келе турган болсо жана Кадыр түндө сооптордун көбөйтүлгөнүн эске алсак, анда ал болжолу 300000 кулду азат кылгандай соопко ээ болот. Ар бир кулду тозоктон азат кылгандай болот. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ башка бир хадисинде мындай деп айткан:

«Кимде-ким бир мусулман кулду азат кылса, анда Аллах анын ар бир мүчөсү үчүн (азат кылган адамдын) бир мүчөсүн тозоктон куткарат». (Сахих Бухари, 1422; Сахих Муслим, 1407)

Көпчүлүк адамдар бул ыйык түндө кандай улуу сооптор катылганын элес алышпайт. Эгерде сиз алардын катарында болбойм десеңиз, анда ушул зикир сөзүн бүгүндөн баштап, Рамазан бүткөнгө чейин күнүгө кечинде сөзсүз айтыңыз. Балким сиздин айтканыңыз Кадыр түнгө туш келе турган болсо, анда сиз жогоруда айтылгандай соопторго жетишиңиз ыктымал. 
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз