2021-09-20 17:35:49
Булут үзүп, жылдыз терип жазганга, Чыгып кетким келип жүрөт асманга. Бир серпилип, канат күүлөп алайын, Кичинекей таканч барбы аскаңда?..
Айтышууда ак сүйүүнү жок дешип, Аны иликтеп, аныктоого жок кесип. Арзууну мен алып келем ыр менен, Асылым эх, а сен антип тоспо эшик!
2021-09-20 17:32:08
сактап кал мени, калтырба бөлөк жактарга, жүрөгүм жалгыз өзүңдү күтүп жатканда. санаалар учуп, куш сымал сага баратат, тосуп чык эркем, көкүрөк ыйга батканда.