Get Mystery Box with random crypto!

Булут үзүп, жылдыз терип жазганга, Чыгып кетким келип жүрөт ас | Туркун ойлор✍🌎

Булут үзүп, жылдыз терип жазганга,
Чыгып кетким келип жүрөт асманга.
Бир серпилип, канат күүлөп алайын,
Кичинекей таканч барбы аскаңда?..

Айтышууда ак сүйүүнү жок дешип,
Аны иликтеп, аныктоого жок кесип.
Арзууну мен алып келем ыр менен,
Асылым эх, а сен антип тоспо эшик!

Жыпар Исабаева