Get Mystery Box with random crypto!

Ассаламу алейкум уа рохматтуллохи уа барокатух!!! Хадистер | "Мусулман кыз" Английский курс📚

Ассаламу алейкум уа рохматтуллохи уа барокатух!!!
Хадистер

3-сабак!

Тема: Бейиштеги эң улуу сапаттарга ээ аялдар



Хадис

Бейиштегилердин ичинен эң улуу сапатка ээ аялдар: Хадича бинт Хуайлид, Фатима бинт Мухаммад ﷺ, фараондун аялы Аасия бинт Музаахим жана Мариям бинт Имран {радыяллоху анха}”

[Ахмад бин Ханбал, Алмуснад, 6/68, 284; Байхаки, Ассунанул кубра, 5/93; Хаким, Алмустадрак, 11/62; Табарани, Алмуьжамул кабийр, 16/260 ]


Пайгамбарыбыз ﷺ төрт сызык сызып, ал эмне экенин жанындагылардан сураган. Алар: “Алла жана анын Элчиси ﷺ билет” деп жооп беришкенде Алланын Элчиси ﷺ жогорудагы хадисти айтып, аялдардын эң улуу сапаттарга ээ болгон ушул төрт аял бейиште дагы эң жогорку даражада боло тургандыгын баса белгилеген.

Ин Шаа Аллах буйруса кийинки сабакта ушул төрт инсанды кыскача тааныштырып өтөбүз

Сабакты даярдаган: Мусулман кыз
Сабак боюнча суроолор болсо берсеңиздер болот, жооп берүүгө даярбыз

Мына ушуну менен сабагыбыз аяктады. Сиздер менен мен Мусулман кыз болдум, окуп көңүл бурганыңыздарга чооң рахмат, кийинки сабака чейин аман болуңуздар Ассаламу алейкум уа рохматтуллохи уа барокатух!