Get Mystery Box with random crypto!

Хадис “Кыямат күнү Алланын алдында эң жаман адам, аялы менен | "Мусулман кыз" Английский курс📚

Хадис

“Кыямат күнү Алланын алдында эң жаман адам, аялы менен сырдашкандан кийин анын сырын жайган адам”


{Муслим, Никах 123,124, Абу Дауд, Адаб 32}


Сыр - бул намыс. Аны сактай билген адам, өзүнүн же башканын намысын сактаган болуп эсептелет. Аны жайып жиберген адам , ариет-намысынан айрылат. Ошондой эле Ислам адеби боюнча адамдардын сырларын башкаларга жаюусу жана жалпыга айтуусу жакшы нерсе эмес.

Илгери бир адам аялы менен ажыраша турганын айтканда, жанындагылар анын ажырашуусунун себебин сурашат. Ал адептүү адам: “Жубайымдын кемчилигин силерге кантип айтам" деп жооп берет. Ал аялы менен ажырашкандан бир топ убакыт өткөндөн кийин ошол эле адамдар ал кишинин ал-акыбалын сураганы барышып, ошол эле суроону кайра сурашат. Ал бул жолу да: “Жат аялдын кемчиликтерин кантип айтам?” -деп жооп берет

Биз дагы ошол белгисиз каарман сыяктуу салабаттуулук, адептүүлүгүбүз менен адамдарга үлгү болууга аракет кылышыбыз керек!


Сабакты даярдаган: Мусулман кыз
Сабак боюнча суроолор болсо берсеңиздер болот, жооп берүүгө даярбыз

Мына ушуну менен сабагыбыз аяктады Сиздер менен мен Мусулман кыз болдум, окуп көңүл бурганыңыздарга чооң рахмат, кийинки сабака чейин аман болуңуздар Ассаламу алейкум уа рохматтуллохи уа барокатух!