Get Mystery Box with random crypto!

Периштени ыйлаткан наристе... Өлүм периштеси ар бир адам | "МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ"

Периштени ыйлаткан наристе...

Өлүм периштеси ар бир адамдын жанын Аллахтын буйругу менен алат. Ал өз каалоосу менен бирөөнүн жанын ала албайт жана Аллах буйруган адамдын жанын албай да коё албайт. Башка макулуктар сыяктуу эле ал дагы Жараткандын буйругун аткарат.

Бир жолу Аллах Таала ага көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, ажалы жеткен бир аялдын жанын алууну буйруду. Өлүм периштеси Аллахтын буйругун аткаруу үчүн келди. Милдетин аткарууда эч тайсалдабаган өлүм периштеси аялдын жанына келгенде бир азга кайсалактай түштү. Ал жанын алуучу аял эч ким жок ээн талаада жалгыз жашайт экен. Анан да анын колунда эмчекти баласы бар эле. Эненин эмчегине жармашып чопулдата соруп жаткан наристенин бир аздан кийин ээн талаа, эрме чөлдө жалгыз каларын ойлогон өлүм периштеси өзүн кармана албай, эгерим ырайымдуулук дегенди билбеген периштенин көзүнө жаш айланды. Анан өксүп-өксүп ыйлап алды. Кантсе да Аллахтын буйругу, аны аткарбоого эч кимдин укугу жок. Өлүм периштеси аялдын жанын алды да, артына кылчайбастан чыгып кетти. Ошентип арадан күндөр өттү. Күндөр айларга, айлар жылдарга айланды. А өлүм периштеси милдетин аткара берди. Бир күнү, Аллах Таала аны бир адамдын жанын алып келүүгө жөнөттү. Периште келсе, ал адам токсондун кырына чыгып, таякка таянып араң басып калган абышка экен. Абышка темир устанын жанына келип, таянган таягынын учуна темир бекитип берүүсүн суранып жатыптыр.

- Уулум, темирдин бышыгын жана катуусун кадап бер, болбосо беш-он жылда эле кайра түшүп калат экен дейт абышка, темир устага. Өлүм периштеси абышканын жашоого ушунчалык берилип, күнү-суусу бүтүп бара жатканына карабай, узун өмүрдү үмүт кылганына таңданып, жылмайып койду. Анан өзүн токтото албай күлүп жиберди. Анан абышканын жанын алды да, көтөрүлүп кетти. Аллах Таала ага: "Оо, өлүм периштеси, бир кезде сени ыйлаткан бала, эми сени күлдүрдү. Мен эч качан эч кимге адилетсиздик кылбаймын" деди. Өлүм периштеси ошондо гана бүгүн жанын алган абышка мындан токсон жыл мурда энесинин жанын алганда ээн талаада жалгыз калган наристе экенин билди.

Оо, Аллахым, Сен кандай адилеттүүсүң. Оо, Аллахым, Сен кандай ырайымдуусуң. Сен ар бир адамдын ырыскысын берүүчүсүң. Биз кандай жашабайлы, канча жашабайлы күндөрдүн биринде Өлүм периштесин бизге да жөнөтөсүң.

Автор: Алайчы Сеитбеков.

"Периштени ыйлаткан наристе" китебинен.

«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз:
━━━━━━━━━━━━━━
WhatsApp:
Мырзалар учун

https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ

https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq

Айымдар учун

https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam

https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

instagram.com/muras_media_kg
youtube.com/c/MurasMedia
Telegram
https://t.me/muslim1429
http://murasmedia.kg