2021-10-12 08:42:06
Жарыя! Жарыя! Жарыя!
⠀
Мына, жыл айланып, кайрадан дагы *мектептик медиа бурчтар боюнча сынактын башталганын жар салабыз!* Жыл сайын уюштурулуп келген бул сынакка кимдер катыша алат? Бул сынак Кыргызстандын бардык мектептеринин арасында өткөрүлөт! Эгерде сиз мектептин социалдык баракчасын иштетсеңиз, анда бул сынак дал эле сиз үчүн!
Сынактын максаты - медиа жана маалымат сабаттуукту, сынчыл ой жүгүртүүнү жана санариптик коопсуздукту жайылтуучу демилгелүү, мыкты медиа бурчтарды колдоо болуп саналат.
Эмгектер 2021-жылдын 11-октябрынан 8-ноябрына чейин кабыл алынат. Биз бул айда сиздердин бардык иш-аракеттериңиздерге көз чаптырып турабыз.
Сынактын толук шарттары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот:
⠀
Кыргызча: https://mediasabak.ngo/kg/news/22
Орусча: https://mediasabak.ngo/ru/news/22
⠀⠀
Мыкты медиа бурчтар баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
⠀
Финалисттерди тандоо сынактык негизде “МедиаСабак” фонду тарабынан жүргүзүлөт. Катышыңыз, батыныңыз, өзүңүздү көрсөтүңүз!
⠀
#MediaBurch2021
#MediaSabak
1.6K views05:42