Get Mystery Box with random crypto!

Күндөрдүн биринде устат өзүнүн шакирттеринин маңдайына кичинек | 𝓚𝓾𝓷𝓭𝓸𝓵𝓾𝓰𝓾𝓶🫀️

Күндөрдүн биринде устат өзүнүн шакирттеринин маңдайына кичинекей бир кара чекити бар ак баракты илет.
-Бул жерден эмнени көрүп турасыңар?-деп сураганда, окуучулар четинен жооп берип башташат:
-Чекит.
-Кара чекит.
-Кичине чекит.
Ошондо устат:
-Баарыңар бул жерден кара чекитти гана көрө алдыңар. Бирок эч кимиңер аппак баракты көрүп турганыңарды айтпадыңар. Мына ушул сыяктуу эле жашоодо да биз алгач адамдардын чоң артыкчылыгын байкабай, дароо чекиттей болгон терс жагын көрө калабыз, -деген экен.