2021-01-29 18:31:49
Сахна.
Эртелеп туруп бет жууган ар бир муноттор,
Эч бир жан билбес муноттон баштап кун откон.
Ээрчитип барат омурлор биз кай жака,
Эх кызык жашоо адамды жерге туноткон.
Болунгон тура адамга бул жер ааламы,
Чынында кызык жарыктык жашоо жалганы,
Жарылбай, сынбай баардыгын тегиз которгон,
Жер ыйык сахна, адамдар анын каарманы.
Кай бири улуу, кай бири сулуу коз албас,
Каармандар турлуу соз менен айтып кое албас.
Образды берген жараткан балким ушундай,
Кээ бири козсуз, сахнаны дагы коро албас.
Бутпогон роман, повесттер улам тартылат,
Коруучу, кубо асманы турат жалтырап.
Жакшы адам ролун таратат тегиз баарына ,
Баарынын эле алгысы келет батыраак.
Айтылат демек, жакшылар анан жамандар,
Жашоо мыйзамы болунуу керек каармандар.
Омурдо ойлойм жамандар болбойт чынында,
Алар жон эле жакшы роль жетпей калгандар.
Автор:Жумакан Назарбаева.
2.5K views15:31