Get Mystery Box with random crypto!

Калем✍

Telegram арнасының логотипі kalemkg — Калем✍ К
Telegram арнасының логотипі kalemkg — Калем✍
Арна мекенжайы: @kalemkg
Санаттар: Дәйексөздер
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 589
Арнадан сипаттама

Жаш акындар тобу❤️
Поэзия сүйүүчүлөр сиздер үчүн 🌟
Ырлар дүйнөсү ❤️
Админ менен баарлашуу үчүн:
@nagimatagul
@aidanakg

Ratings & Reviews

3.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 2

2021-03-13 21:06:11
Бактылуулукка карай жол

Бул жылдардын даңазалуу күнү деп,
Мен ойлодум июль айынын ону деп. Неге? Десең,жан жолдошум кылчайып,
Мен айтамын,анда мындай чындык кеп.

Истамбулда бир кооз мечит бар эле, Бир жылдары ал мечитти жапты эле.
Буйрук менен музей кылып жасалгам,
Адамдардын жүзүндө нур өстү эле.

Жылдан-жылга нечен деген бел ашты,
Күндөн-күнгө нечен деген күн артты.
Айлар-айга бири-бирин кубалап, Мына эми,жаркыраган таң атты.

Карап турсаң,күндөгүдөн башкача,
Жума күнү бардык жерлер таптаза.
Сүйүнүчтү бир кабарды укканда,
Көздөн акты мөлтүр-мөлтүр жаш гана.
Махабат Айдакеева
13.07.2020.
1.2K viewsedited  18:06
Ашу / Түсініктеме
2021-03-13 20:41:15
Алсыз махабат.
Ал мени ...
Мен аны...
Ушул тура ..
Махабаттын адашканы
Журогу Бир мени деп согуп турса
Ал журокту тагдыр менден алыстатты.


Журок сыздап сизди ойлоп куну тун.
конул деген УЗО албай эч умутун.
Мени суйгон жанды таштап кеттим деп
Азап чегип уктабай журуп туңулдум.

Мейли эми азап менен пайда жок.
Унутуштан башка менде айла жок.
Умут деген алсыз болуп калса да
Жакындоого менде Арга калган жок.


Каалайм сизге туболуктуу махабат.
Ден соолукта журунузчу жаркырап.
Бактылуу эки жашты коруп калсам
Эске тушот бирге жургон ошол убак

Сагынганда мени эстей журунуз.
Тынчтык мн отсун дайым кунунуз.
Каалоо тилеп жатып сизге айтаарым
Ар убакта бактылуу Омур сурунуз.....

Автор : К.Э.
1.2K views17:41
Ашу / Түсініктеме
2021-03-13 20:40:08
Жан дүйнөм кайгырып, ыйлап турат,
Сезимдер соолуп, жакшыдан жүзүн бурат.
Кыйналып, жашоодон бүт түңүлсөм да,
Сабырдын гүлү кайрадан колун сунат.



Эх чиркин, өмүрүм токтобостон өтүп жатат,
Жүрөктүн өйгөн болгон кусалык жеңип барат.
Канчалык такшалып, изденсем дагы,
Бириктирбестен жолдорумду буруп салат.



Жүрөктү таш менен тагдыр жанчылады,
Аккан жашым соккон жел да аарчыбады.
Мээрим издеп, бурч-бурчту карай берем,
Жан ардагым, бүт өмүрүм сага татыбады.

Советбек кызы Зухра
1.1K viewsedited  17:40
Ашу / Түсініктеме
2021-03-13 19:30:36 Ырларыңыздарды чатка жөнөтүңүздөр.

Каналга чыгарылат
1.1K views16:30
Ашу / Түсініктеме
2021-03-13 19:15:26
Ызаа
Билинбей кундор отуп ,
Сезимим муздап барат.
Бир келген суйуум учун ,
Дагыда тартам азып.


Мумканып ыйлагансып ,
Ак жамгыр тогуп турду ,
Алтыным экообузду ,
Ак никен болуп турду.

Жолумду табалбадым ,
Жанына баралбадым,
Суу болгон жолугунду ,
Ичимден аяйм жаным.

Жай гана басып келип,
Жашымды аарчыганда.
Колунда алтын шакек ,
Бетимди сызып отту .
Суу тийген чок сыяктуу ,
Мендеги сезим очту...
Автор Талгат Тагайбек уулу
23. 02.2020.32:15
1.1K viewsedited  16:15
Ашу / Түсініктеме
2021-02-25 14:43:33
Бар арманым.
Уйкашпаса деле койсун ырларым.
Кокурокко толлуп кетти мундарым.
Жаздап жатып жаздыгыма башымды.
Суу болгуча жашым тогуп ыйладым.

Мен апамды олбочуудой сезгемин.
Коруп туруп кулуп жургон кездерин.
Бир заматта уктум дагы калдым мен.
Апакемдин узаактарга кеткенин.

Убагында жете албадым баркына.
Жатпаптырмын башым жолоп астына.
Суйлоп койсо озум билем дегенсип..
Орондопмун коюнчу ээ деп аптыга.

Ооруп жаттын ага маани бербедим.
Коп кыйналдын коруп туруп сезбедим.
Азыр туруп ойлоп корсом билинди.
Журогумдун таштай катып кеткени.



Апанарды сыйлагыла.

Э.Н.
1.8K viewsedited  11:43
Ашу / Түсініктеме
2021-02-25 14:41:46 Бар арманым.
Уйкашпаса деле койсун ырларым.
Кокурокко толлуп кетти мундарым.
Жаздап жатып жаздыгыма башымды.
Суу болгуча жашым тогуп ыйладым.

Мен апамды олбочуудой сезгемин.
Коруп туруп кулуп жургон кездерин.
Бир заматта уктум дагы калдым мен.
Апакемдин узаактарга кеткенин.

Убагында жете албадым баркына.
Жатпаптырмын башым жолоп астына.
Суйлоп койсо озум билем дегенсип..
Орондопмун коюнчу ээ деп аптыга.

Ооруп жаттын ага маани бербедим.
Коп кыйналдын коруп туруп сезбедим.
Азыр туруп ойлоп корсом билинди.
Журогумдун таштай катып кеткени.



Апанарды сыйлагыла.

Э.Н.
1.5K views11:41
Ашу / Түсініктеме
2021-02-24 19:05:02
ОЙСОК КЫЗ

Чыпчыйган жука шымды кийип алып
Көздөрүн кара менен чийип алып
Койкоңдоп баратасың чайпаң басып
Кулака кулакчынды илип алып

Күзгүдөн өзүңдү бир карап алып
Чачыңды жайып анан тарап алып
Барасың клубтарга көчө таптап
Бир жигит жолугуусун каалап алып

Бетиңе макияждан коюп алып
Ооздогу сагызыңды чоюп алып
Тазамын деп өзүңдү айтып анан
Жүрөсүң шарап ичип тоюп алып

Автор: Б. А.
1.5K viewsedited  16:05
Ашу / Түсініктеме
2021-02-17 19:01:40 #уландысы
Палатага кирип кыздын жанында көпкө олтуруп кайра чыгып Кетти .
Таң да атты. Кыз өзүнө келе баштады.Марсель жумушуна кечикпейин деп Кайратка телефон чалды. Кыздын жанында таң атканча отурганын абалы жакшы экенин билдирип коюп , жумушуна жөнөп кетти.
Кайрат колуна баштык көтөрүп Кызга жемиштер м-н тамак алып келди.
Кыз көзүн ачыптыр , алдына Кайрат кирди.
-Саламатсызбы? Менин атым Кайрат кече күнү кокустук болуп сизди унаам м-н уруп кеттим - деди. Анда Розана:
-Саламатчылык ,мени кечириңиз ойлонуп жатып , кантип жолдун ортосуна барып калганымды билбейда калыптырмын .
- Жок эч нерсе болбойт, сиздин абалыңыз кудайга шүгүр жакшы болуп чыкты.
Колундагы баштыкты берди да жеп алуусун буйруду да Кайрат сыртка чыгып кетти.
Кыз София м-н сүйлөшүп ага болгон окуяны айтып жатканына Кайратты кулагы түштү андан киийн Кайрат: Розаннанын апасы өгөй атасын олтуруп түрмөгө камалып кеткенин ,иниси катуу ооруга чалдыкканын, анын операциясына акча керектигин ,азыркы кыздын абалын , деги эле баарын түшүндү.
Кайрат кирип :
- Мен баарын түшүндүм , кааласаң жардам берем, иниңдин операциясына акча, ал эми апаңдын сотуна өзүм катышып жеңилдик алып берем , алардын баары колумдан келет .Бирок бир шарт м-н .
Кыз уккан кулагына ишенбей
- Ал кандай болгон шарт экен.
- Анда мындай кулак сал , менин аялым бар аты Айым, өтө жакшы көрөм , бирок биз балалуу боло албайбыз айтайын дегеним Айымга төрөгөнгө мүмкүн эмес .Ошого кыз издеп жатканбыз , жасалмалуу жол м-н боюнда бүтүрөбүз, биздин балабызды 9 ай курсагында көтөрсө төрөп берсе болгону ушул. Сен жакшылап ойлонуп көр , жообун кийинчерээк да айтсаң боло берет- деп сыртка чыгып кетти
Розанна ичинен : бул кандайча, менби? мен бироонун баласын которомбу ,бул мүмкүнбү ? Менде башка арга жок болуп жатпайбы ....апам үчүн иним үчүн бул жолго барганым оң болот го. Бирок келечегимчи жок мындай болушу мүмкүн эмес - деп ойлонуп жатканда эле
Розанна га чыкошунасы Бермет эже коңгуроо кылды:
- Эй кыз, сен эмне үчүн трубканы албайсың? Иниң катуу ооруп калды ,биз да коркуп кеттик , сени иниң сурап жатат ,келбейсиңби , анан дароо операциясын өткөрбөсонор болбойт окшойт.
Апаңдын сотуна да жактоочу дайындоон зарыл .
- Макул Бермет эже, чооң рахмат, Ариетке көз салып турун.- деп өчүрүп ... ойго батып калды....
Эми Кайраттын сунушуна аргасыз макул болууга муктаж болду .


3- бөлүмдүн соңу
( Кызыктын баары алдыда)
Автор : Кадырова Э.
1.8K views16:01
Ашу / Түсініктеме
2021-02-17 19:01:40 «Баары убактылуу.»
( 3- болуп)
Розанна кундогудой эле жумушуна келди .София курбусу менен түнкү клубда официантка болуп өз иштери м-н алек болуп жатышкан.
Капысынан эле телефонуна коңгуроо келип калды .
- Алоо , Бермет эже угуп жатам
-Алооо Розанна ( коркунучтуу үн катты да ) тез жетип кел! иниң биздин үйдө болот.
Алоо... түшүнбөдүм тынчтыкты?
Дүүт ... дүүт ( трубка коюлуп калды)
Өңү агыштана кетип аң - таң болгон Разанна үйүнө көздөй шашылыш бет алды.
Милициянын үнү, 102 унаасы да бар экен ,үйдүн жанында машина көп .Бир учурда апасынын колу кишенделгенин көрүп ыйлаган бойдон чуркап жанына барды да : " Апа, эмне болуп жатат деги, эмнеге колуңузду кишендешкен ?" Анда апасы: " кызым, кечиргиле мени кызым , мен баарын силер үчүн кылдым мен ...мен....мен аргасыз болуп калдым , ( ыйлап араң сүйлөп жатат) Касым оорукчан Ариет иниңди сабап жатты , эмне кылышымды билбей , аны куткаруу үчүн бычак сайып койдум, кечир кызым, иниңди жакшы кара ,сага аманат кылдым, ал кошунанын үйүндө " деди да милициялар м-н унаага олтуруп кетип калышты.
Розаннанын айласы кетип, ботодой боздоп томсоруп кала берди. Көп ойлонгону учунбу же бир кишинин өлүмүнө апасы себепкер болуп калганынабы ,деги ал да өзүн күнөөлүдой сезип кыйын абалда калып кетти . "Алгач иниме барайын анан апама жолугам , мен сөзсүз апамды түрмөдөн чыгарып калам "-деп
Инисине жөнөмөкчу болуп баратып жолду да карабай басып кеткенинен улам , бир машина уруп кетти .
Эсинен танып калды , унаасы м-н коюп жиберген жигит жерге түштү да , жерден кызды көтөрүп, больница га алып жөнөдү .Ал жигит жанакы балалуу болбой жүргөн Кайрат мырза болчу. Жигит да дароо тааныды , бир убактарда достору мн коргон , түнкү клубда официантка болуп иштеген кыз экенин...

Кызды Больницага алып келди . Дарыгерлер аны тийиштүү бөлмөгө алып киришип текшерип жатышты.Кайрат коркуу сезими мн ойлонуп олтурат ,бир учурда доктур айым чыкты да :
- Сиз кимиси болосуз ? - деди.
- Менби , мен бир досу болом.
- Аа досумун денчи , мейли жакындарына кабар бердиңизби ?
- Жоок эми айтып койом , ии абалы кандай деги?
- Абалы өтө деле начар эмес ,бирок башы жаракат алыптыр , өзүнө келбей жатат , колдон келишинче дарылайбыз , сиз камсанабаныз .
- Аа рахмат , мейли дарыларын баарын өзүм алып берем . Ишиңизге ийгилик - деди.
Телефонуна апасы чалып калды чет Жака суйлошкону отту ...
-Угуп жатамын, апа?
- Кайрат уйго тез келип кал!
- ии , эмнеге тынчтыкпы, апа?
-Аялын эсин жоготуп койду , козун ачалбай жатып сени сурап жатат , бол Эми жумуштарын бутпосо да уйго Кел!
- Аа макул апа Айымды жакшылап карап турунздар мына азыр барып калам- деп чалууну очурду.
Эми ал озунун бирге окуган курсташы эн жакын досуга чалды да :
- Ало... Марсель амансынбы досум ?
- ооба шугур жакшы озун кандайсын?
- анча жакшы эмес , иш кичине оор болуп турат жардамын керек .
- Макул эмне кылыш керек?
- Азыр тезинен шаардагы ооруканага келип кала аласынбы ?
-Аха мына баратам.
Марсель досу келди , ага болгонду болгондой айтып берди.Досу да туура тушунду.
« Кыз озуно келгенче ушул жерде кала тур , мен аялыма барып жолукпасам болбойт абалы кандай экен »- деп шашкан бойдон, кызды досуна таштап, озу кетип калды.
-Айым жакшысынбы?
-Ии , келип калдынзбы , Кайрат.
- оа , эмне болуптур , эмнеге эсинди жоноттун?
-М-м-м( жерди тиктеп)....Отконку создордон киийн, мен эч нерсе жебей койгон элем ,ошого окшойт.
-Айымым менин ,Озунду коркунучка салбачы !
-Макул , сен жанымда болосунбу ?эч кайда таштап кетпейсинби? билесинда сенсиз Жашай албаарымды?
-Ооба ,эч качан андай болбойт - деп аялын бооруна кысып ,алкымынан искеп жытына тойду да , озун бактылуу сезип кучактап олтура берди.Айым:
-ээй Кайрат, сен бизге бала Тороп Бере тУрГан аялды таптынбы?- деди . Кайрат:
- Жоок караштырып жатам жакында табам дейт.
-аа ,Эртерээк ал аялды тапсак экен .
-( Кайрат ун каткан жок , Болгону озуну аялынын жанында бактылуу сезип жата берди , Розанна анын эсинен чыгып кети.)

Марсель туну бою кызды жалгыз таштабай сыртта уктабай кутуп олтурду. Розаннаны ошол тунку клубта эле, айдай жузуно куп жарашкан кылык жооругун жактырган эле.
1.5K views16:01
Ашу / Түсініктеме