Get Mystery Box with random crypto!

#Окурманданкат : Окурмандан кат рубрикасына көбүнчө кыздар жаз | jurokton

#Окурманданкат :
Окурмандан кат рубрикасына көбүнчө кыздар жазышса керек , бүгүн мен балдардын да арманы бар экенин айтып өз окуямды бөлүшүүнү туура көрдүм. Сөз башынан болсун .

1 жыл мурун алыскы тоолуу аймактардын бирине дос баламдын тоюна бардым , балким барбасам жакшы болмок беле биле албайм . Той болуп жаткан үйгө кирип эле колунда чыны көтөрүп турган сени байкадым. Айылдын кыздарынын сулуу болоорун уккам ,бирок сенчелик элестеткен эмес элем . Чачын бутуна жеткен , күлкүң жүзүңө жарашкан , орто бойлуу , шуулдаган , тың өзгөчө кыз экенсиң . Мурда менменсинип , байдын баласымын деп көйрөң жигит сени көргөндө өзүн жоготту , жаныңа барып таанышууга чамам жеткен жок Эки бутум тушалып калгандай эле болду ,бул айылга мурда келсем да сени көргөн эмес экенмин , той бүткөнчө чуркап , жардамдашып ,чай ташып жүрдүн , жанымдагы үйлөнүп жаткан дос баламдан сурасам , менден 1 жашка кичүү , дос баламдын карындашы болот экенсиң . Тойдун эртеси да сени көрөм деп ойлогон элем , көргөн жокмун кийин да бир шылтоолорду айтып кетпей жүрө бердим ,сени бир көрсөм дегем ,мектебине да бардым көрө албадым. Акыры айлам жок шаарга келдим . Сени сураштырып айылдын алдыңкы кыздарынан экенсиң , баардыгы бир ооздон мактап жатышты , номеринди таптым ,жаза албай көпкө жүрдүм ,акыры жаздым , бирок дароо эле жооп берген жоксуң , мамилен оройдой сезилди , бирок кийин ачык айрым , акылдуу , тамашакөй кыз экениңди билип сүйүүм күчөп баштады. Сүйүүмдү ачык айттым ,окушум керек дедин , бирок акыры сени өзүмө багындырдым . Окуу десе ичкен ашын жерге койгон, максаты бийик адам элең . Кийин кайсы шайтан азгырды билбейм сага көңүлсүз мамиле кыла баштадым. Дароо байкадын , себебин Сурадың айткан жокмун , ар кайсы кыздын сүрөтүн коюп жыргап жүрдүм ,саган кыйын экенин билип да менменсинип жүрдүм , сенин кетип калаарынды билсем да ошондой кылдым , эмне үчүн экенин билбейм . Катуу ооруп жатканынды билип абалыңды сурап да койгон жокмун , жыргап жүрүп алдым. Сени дагы да ыйлайт менин баркымды билсин дедим , мага жазсын дедим , жаздын ,сени сагындым дедин , дагы да курсумду көтөрүп ,башканы сүйүп калдым , сенсиз жашагым келет дедим , катуу тийди сага ушул сөзүм. Кетип калдың , социалдык тармактардан ,кара тизмеге салып койдун ,жок болуп кеттин , фейк аккаунт ачып жашоонду сыртындан карап журдум ,бирок гордость деп телефон чалбай да жазбай да журдум. Кийин сенин алтын сертификат алганынды уктум , сенин максаттарындын бири эле ,кубандым ,андан кийин соц тармактардын биринен президенттин колунан алтын сертификат алып жатканынды кордум ,сени унутуп калсам керек дегем бирок унутпаптырмын , атынды укканда журогум кабынан чыгып кетчуудой болду , шаарга келгенинди байкен Аркылуу уктум. Бирок жолуугуга аракет кылбадым , дагы да кыйналгым келген жок. Куз айы эле КММА нын жанынан отуп бара жатканбыз , жанымда бир кыз бар эле , сени кордум акыры озун кыялданган кесипти тандап , окуп баштаган экенсин , устундогу форма сага эн мыкты жарашыптыр , чачын ар дайымкыдай узун орулуп артка ташталган,бетинде ашыкча боёк жок , күлүп берилүү менен бир балага сүйлөп жатыпсын , жаныңа баргым келди , кучактагым келди , бирок айла жок сен мени кабыл албаарынды билдим , мени унутуп калсаң керек а мен сени дагы да сүйүп жүрөм , күндө түшүмө кируунду каалайм. Мени кечирбейсин билем . Сен бул группаны окуйсуң анткени сен ушундай группаларды жактырасын жана мен экенимди билесиң , анткени бир гана мен сага , Өзгөчөм ,деп кайрылаар элем....

Балдар силерге менден кеңеш колуңдагы алтындын баркын кеч болуп кала электе бил , кеч болгон сон эч качан катаңды оңдой албайсың ..Сенсиз жашагым келет деген сөзүм үчүн эч качан өзүмдү кечирбейм......


Өзгөчөм , мени бир эстечи...
#архив 12.07.2020