Get Mystery Box with random crypto!

БАРГА ШҮГҮР, АЗГА КАНИЕТ,ЖОККО САБЫР КЫЛ Сен каалаган бир да | jurokton

БАРГА ШҮГҮР, АЗГА КАНИЕТ,ЖОККО САБЫР КЫЛ

Сен каалаган бир да кеми жок жыргал жашоо бейиште гана.Бул дүйнөдө баары сен ойлогондой боло бербейт.Кайгынын артында кубаныч,кубанычтын артында кайгы,жардылыктын артында байлык,байлыктын артында жардылык,оорунун артында дени сактык,дени сактыктын артында оору чынжыр сымал улаш жүрөт.

Сүйүктүү эже-сиңдилер эч качан" Жок","жетпейт","аз" дебеңиз.
"Элдин аялдарынын колунда төрттөн шакек менде төртөө эмес бирөө да жок",деп жолдошуңуздун мээсине мык какпаңыз.Кайсы бир инсан алдындагы тамакты өзү жегенге колу жок,ким жаман курсагымы тойгозуп койот экен деп олтурат

Дубайды,Анталияны,Парижди көрүшүм керек деп эки көзүңүздү төрт кылып оолукпаңыз.
Кайсы бир инсан жакын адамынын,Аллах Тааланын чебердиги менен жаратылган кооз жаратылышты көрүүгө зар болгон көзү азиздер олтурат көзгө муктаж болуп

Бут кийимим эскирди жаңы алышым керек деп ач көздөнбөңүз.Кайсы бир инсандын бут кийими жатат чаң басып, кийейин десе буту жок

Бакыт-бул шүгүрчүлүктө
https://t.me/jurokton
https://t.me/din9903