Арна мекенжайы:
Санаттар:
Дін ,
Фактілер
Тіл: қазақ
Жазылушылар:
2.40K
Арнадан сипаттама
🦋Өзүн таанууга, пайдалуу иш менен элге кызмат кылып, Аллахтын ыраазычылыгына жеткен сүйүктүү кул болууга аракеттенген студенттин блогу.
💌 @gulzinanur24 - жеке байланыш үчүн.
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
0
3 stars
2
2 stars
0
1 stars
1
Соңғы хабарлар 15
2021-12-23 16:01:41
175 views13:01
2021-12-23 06:57:14
"Өмүрүңүздү кооз өткөрүңүз. Анткени, кооз өлүм үчүн, кооз жашоо керек"
69 views03:57
2021-12-21 14:25:14
АЛЛАХТАН УЯЛАМЫН... "Периштени ыйлаткан наристе " китебинен
Кол ачыктыгы, берешендиги менен эл оозуна алынган, айтылуу Умар бир Убайдулла бак аралап бара жатып дарактын көлөкөсүндө катыган нанды жеп отурган балага көзү түштү. Жамачыланбаган жери калбаган эски кийимчен жаш бала, колундагы бир сындырым кара нандан өзү да тиштеп, анан итине да үзүп берип отурган экен. Баланын көптөн бери жарытылуу тойбогону кумсарган жүзүнөн көрүнүп турат. Умар балага жакындап келип, салам берди да, суроо узатты:
-Эмне кылып отурасың, жигит?
-Тамактанып олтурам,- бала кыска жооп берди.
-Нандан бөлөк тамагың жокпу?
-Аллахка шүгүр, мындан башканын кереги жок.
-Бул ит сеникиби?
-Жок.
-Эмне үчүн ага наныңды берип жатасың?
-Кимдир бирөөнүн көзүнчө жалгыз тамактануудан уяламын.
Умар баланын ыйманына, зиректигине таңдана анын жанына отура кетти:
-Сен азатсыңбы же бирөөнүн кулусуңбу?
-Мен ушул бактын кожоюнунун кулумун,- деди бала сумсайып. Умар ордунан акырын туруп, баланын дарыясына таптады:
-Сен мени күтө тур, мен сенин кожоюнуң менен сүйлөшүп келейин. Умар бактын кожоюнуна барып, андан бакты да, баланы да сатып алды. Анан балага келип, сүйүнчү кабар айтты:
-Аллах сени азат кылды жана бул бакты сага белек кылды, эми анын түшүмүн сен пайдаланасың.
Бала сүйүнүп, ыраазычылыгын билдирди да:
-Аллахтын алдында сен күбөсүң, бул бактын түшүмүн шаардагы кембагалдарга бөлүп берейин,- деп кошумчалады. Умар эми чындап таң калды:
-Өзүң кедейсиң, эмне үчүн түшүмүңдү башкаларга бересиң?
-Аллах мага берешендик кылып берген нерсеге сараңдык кылуудан уялам,- деди бала камырабай.
214 views11:25
2021-12-21 14:25:08
201 views11:25
2021-12-20 03:05:35
Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракаатуху! Кутман таң!
"Периштени ыйлаткан наристе " жана "Раскрываю тайну счастья " китебинин кыргызчыасын сатып алууну каалагандар @gulzinanur24 жеке катка жазсаңыздар болот.
Көңүлдүү, берекелүү күн каалайм!
119 views00:05
2021-12-20 03:03:14
120 views00:03
2021-12-19 20:24:02
Акыркы күндөрү: "Каналыңызда бөлүшкөн китепти кайдан тапсак болот? Ошол китебиңизди мага сатыңызчы? Бизге ушул китептер керек болуп жатты эле" деген сыяктуу каттарды аябай көп алып атам.
Бул китептерди(отзыв жазылган) сатып алууну каалагандар көппү? Кайсыл китеп сизге керек? Бул жерге билдирүүңүздү суранамын) Эгерде көп болсок, өзүм окуган китептерди сиздер үчүн да алып, оңой болсун үчүн ушул жерден эле сатсам, кандай дейсиздер? Кандай идея?
238 views17:24
2021-12-19 18:05:00
•Электрондук китептер боюнча: автордук укук болгондуктан тарата албаймын. Туура эмес деп эсептейм. Автордук укук- адам акысы. Адам акысына кирип калсаң, ошол адам кечирмейинче Аллах да кечирбейт. А мен Айтматовду же Толстойду кайдан табам? Ошол үчүн жакшысы…
375 views15:05
2021-12-19 17:32:58
115 voters418 views14:32