Get Mystery Box with random crypto!

Азыр эле 'Чагылгандын көз жашы' китебин окуп бүттүм) Китепти б | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер

Азыр эле "Чагылгандын көз жашы" китебин окуп бүттүм) Китепти бүтүп-бүтпөй эмоцияларымды төккөнү бул жакка, силерге келдим.
(Китепти сүрөткө тартуну да кийинкиге калтырдым)
Силердин барыңар кандай сонун )

Бул китеп чагылгандын өмүрүнчөлүк кыска жашаган тунгуч профессор атабыз Касым Тыныстановдун жашоосу жөнүндө...

Анын сүйүүсү...
Үй-бүлөсү...
Билим алуусу...
Эл агартуу иштери...
Бир канча эмгектери...
Анан... Анан, анын өлүмү...
Ага жасалган адилетсиздик...

Китеп 560 беттен турат. Репрессия темасы мектепте окуу китептеринде да болот болчу. Ашып кетсе 8 бет. Учурунда окуу ушунчалык оор келет болчу. Эптеп жаттап айтып берип "5" алып кутулсаң болгону... А азыр такыр башка...
Бардык иште кызыгуу болуусу шарт экени маалым.

Окуп жатып азыркы муун үчүн Касым атабыздан ушунчалык кечирим сурагым келди. Ал кыргыз тилин түптөө үчүн, өзүбүздүн тилибиз болуусу үчүн жанын берүүгө да даяр болгону, күн-түн дебей, ден-соолугум, ооруум дебей окуу китептери менен, тил менен алектенип түзгөн кыргыз тилибиздин азыркы учурда көп жерде колдонуудан четте калганын түшүнүп жетүү...

Бир топ күн өттү. Тик токтон бир видео көрүп калдым.
Ал видео: 2050-жылдагы өспүрүмдөрдүн окуган тарых сабагына басым жасаптыр. 2019-2022-жждагы глобалдуу темалар жөнүндө баласы атасынан сурап атат. "Бул учурлар кандай болгон? Силер эмне кылдыңар эле?"-дейт. Атасы тик ток тартып, бийлеп жүргөнүн эстеген маанидеги бир видео.

Мен да ойлонуп кеттим. Келечек муунга шылдың болбой тургандай, алар сыймыктана тургандай тарых калтыра алар бекенбиз?

Авторго да аябай ыраазы болдум. Мага окшогон тарыхтагы цифралар, кыскартылган сөздөр менен тили келишпегендер үчүн адабий тилде жеткиргени- тарыхка кошулган кичине болсо да салым деп билем.

Ооба, бүгүндүн таразасы эртең экен. Түз болуу- эч качан тарыхта кыйшык из калтырбайт экен.

Келгиле, ислам тарыхын, өзүбүздүн тарыхты окуп, үйрөнүп, изилдей берели. Балким бекерчиликтен болуп аткан депрессия, стресстер да жоголуп кетээр...


Сөзсүз окугула,ээ?
#китепунцштайм