Курман Айтыбыз маарек болсун! Келгиле, бүгүн: - жаңы жылды то | 💌 ойлор текстке айланганда…/китептер
Курман Айтыбыз маарек болсун!
Келгиле, бүгүн:
- жаңы жылды тоскондой дасторкон даярдайлы;
- маанилүү күндөргө деп, катып койгон көйнөктөрүбүздү кийели;
- келгиле, туулган күндөр менен куттуктагандай, бири-бирибизди куттуктайлы;
- жашообуздагы эң бактылуу күнүбүз бүгүндөй, жүзүбүзгө жарашкан жылмаюубузду түшүрбөйлү;
- дүйнөдөгү эң бай биздей, белек алмашалы;
- келгиле, конок тосолу, конокко баралы;
- келгиле, майрамдайлы!
Себеби, бүгүн майрам! Биздин, мусулмандардын майрамы!
Майрамыңыз кут болсун, мусулман бир тууганым!