Кантип китептен алган маалыматты мээде жакшы сактай алабыз?
Т у у р а к и т е п
Окурман өзүнүн жашына, кызыгышына, кесибине жараша туура китеп тандоосу керек. Эгер туура эмес китеп тандап алса, китепке болгон кызыгуусу кетип, кийинки китептерди окугусу келбей калышы мүмкүн.
Т ы н ч ж е р
Тынч, аны алагды кылбай турган жерде окуса, концентрациянын баарын китептеги окуяга бөлүү жеңил болот.
У б а к ы т
Көбүнчө жаңы уйкудан ойгонуп, таң атканда китеп окуу эффективдүүрөк. Анткени ошол учурда мээ сергип, бош болуп, маалымат алганга даяр болот.
Ж а з у у
Китептен алган учкул сөздөрдү, керектүү маалыматтарды, жаңы идеяларды сөзсүз кагаз бетине түшүрүү керек.
А й т у у
Китеп тууралуу ой-пикирибизди бирөөгө айтып беришибиз же блокнотко жазышыбыз керек. Бул да маалыматтын мээде жакшы сакталышына жардам берет.