Get Mystery Box with random crypto!

Мындан үч жыл мурун жумушка байланыштуу Астана шаарына келип к | ЖРТ - "СЕКОМ"

Мындан үч жыл мурун жумушка байланыштуу Астана шаарына келип калдым. Кеч күз эле. Көчөгө чыгып, ызгаар шамалына тоңуп, такси таппай кыйналгам. Көрсө, ал шамал эч нерсе эмес экен. Кышында 40 градус суук болот дегенди укканда: "Астанада эч качан жашамак эмесмин", - дедим эле. Азыр бул блогду Астанадагы 16-кабаттагы батиримден жазып жатам. Жумушка байланыштуу бул жакка келгениме бир ай болду.
1-май күнү Астанага келдим. Аэропорттон түшүп "такси керекпи" дегендерди укмаксан болуп, түз эле фирманын таксилерин көздөй жөнөдүм. Анткени бир жолу Алматы шаарынын аэропортунан автовокзалына чейин 100 долларга барып, андан ары Бишкекке 250 сомго маршрутка менен кеткенден кийин жеке таксилерге отуруудан качып калгам. Таксиге отуруп, шаарды көздөй бет алдык. 20 чакырымдык жолду кыскартып, таксист менен аба ырайын талкуулап бараттык. Ал аңгыча астыбызда келе жаткан автоунаа күтүүсүздөн жолду тороп, токтоп туруп алды эле, таксист: "Бишкектик айдоочулар көбөйүп кетти", - деп калды. Көрсө, ал эки жыл мурун Ысык-Көлгө эс алууга барып, Бишкекке кайрылып, жол эрежесин көзгө илбеген "шумахерлерди" көрүп кайткан экен. Анын үстүнө мен да Бишкектен келе жатканымды кеп салгам...
Жакында дагы бир кызык окуя болду. Айтсам, ишенесиңерби? Бул жакта биринчи жолу кыргызды көрүп, казактарга окшош экенин түшүнгөндөр бар экен. Ал күнү аэропортто курбумду күтүп отургам. Бир жаш казак жигит саат сурап калды. Албетте, кыргызча жооп кайтардым. Анын "сиз кимсиз?" деген суроосуна кыргызмын деп жооп бергенимде: "Кыргыздар да казактарга окшош болот экен да", - деп балп эттирди...
(Алия Самидин, sputnik.kg)