Get Mystery Box with random crypto!

Кырк күн сууга отуруу - кыргыз элинде руханий да, материалдык | ЖРТ - "СЕКОМ"

Кырк күн сууга отуруу - кыргыз элинде руханий да, материалдык да тазалануунун эң башкы ыкмасы. Адистердин айтымында, медицинанын алы жетпеген көп оорулардын дабасы. Бирок аны ишке ашыруу көп күчтү талап кылат.
Заман агымына ылайык, оорунун да түрү көп. Ал эми заманбап медицина ооруну түп-тамырынан бери айыктырууга күчү жетпей калышы мүмкүн дешет. Антибиотиктер дартты убактылуу басат. Өсүндүлөр болсо, кесип алып салышат. Медицинада кырк күн сууга отуруп, жалаң гана суу ичип, караңгы жерде тилек менен отурган кишинин каны тазаланары айтылат. Денесиндеги ар бир клетка тазаланат. Ошону менен катар ооруну да сүрүп чыгарат.
Кырк күн суу ичүү эки максатта жасалган. Биринчиси — оорулардын баарынан арылуу үчүн, экинчиси — руханий тазаланып, оюн, ички энергиясын башкарууга жетүү. Ошону менен адамдык деңгээлден ааламдык акылмандык деңгээлге өсүү максатында бул баскычтан өтүшкөн. Кырк күн жалаң гана суу ичип, караңгы жерде киши өзү менен өзү күрөшүп отурат. Албетте, кубаты азайгандыгына байланыштуу жумуш кылбайт, элге аралашпайт, жанын кыйнабайт.
Кырк күндөн соң кайра табигый калыбына келүү процесси да татаал. Алгач, бир чыны сууга бир тамчы, анан бир нече тамчы сүт тамызып ууртап, аз-аздан кымыран ичип отуруп аш казанын тамакка кайра көндүрүп, айранга жеткенде токтотот. Андан соң шорпого өтөт. Арык койдун этин эки кайрып кайнатып, төгүп салып, үчүнчү жолкусунда шорпосун ичет. Кийинкиде эки кайнатып ичип, анан аздан эт-ашка аралашат.
(https://sputnik.kg/columnists/20180417/1038708766/suu-tuuraluu-kolumnistika.html)