Get Mystery Box with random crypto!

Дартмут университети жетектеген изилдөөгө ылайык, болочокто Ам | ЖРТ - "СЕКОМ"

Дартмут университети жетектеген изилдөөгө ылайык, болочокто Америка Кошмо Штаттары менен Европа сыяктуу эли жыш жайгашкан чөлкөмдөрдө жаан-чачын көп жааганына карабай, таза суу азыркыдан аз болушу мүмкүн.
...Климатты изилдеген аалымдар көмүр кычкыл газы атмосферада көп топтолгон сайын, өсүмдүктөр сууну аз ичип, кыртыш менен өзөн-сайда суу көп калат деп ойлошкон. Анда атмосферада көмүр кычкыл газы көп жыйналса, өсүмдүктөр фотосинтез жолу менен, ошондой эле сабагындагы көңдөйлөрдүн айрымдарын жаап, ошончо көлөмдөгү көмүр кычкыл газы органикалык заттарга айланып, дарактын сабагындагы көңдөйлөрү жабылганда, сууну атмосферага аз бөлүп, кыртышта суу көп калат деп боолгошкон.
Жаңы изилдөө өсүмдүктөр кыртышты мурдагыдан нымдуу кылат деген теория таза сууга мол, бирок талап аз тропикага жана жогорку кеңдикке гана таандык экенин көрсөттү. “Жерден атмосферага которулган суунун глобалдык агымынын болжол менен 60 процентке жакыны өсүмдүктөр аркылуу транспирация болот же өтүшөт. Өсүмдүктөр Жерден атмосферага аккан суунун көлөмүн жөндөп, атмосферанын ноосуна окшоп кетет. Ушинтип, өсүмдүктөр Жерде адамдар үчүн калчу суунун көлөмүн аныктоочу маанилүү фактор болуп саналат”, - деп түшүндүрөт Колумбия университетинин алдындагы обсерваториянын адъюнкт-изилдөөчүсү Жастин С. Мэнкин.
Доцент Мэнкин жана коллегаларынын соңку изилдөөсү үч фактор коюн-колтук өнүгөрүн да көрсөткөн.
Биринчиден, атмосферада көмүр кычкыл газы көбөйгөндө, өсүмдүктөр фотосинтез жана кыртыштын нымдуу болушу үчүн сууну аз керектейт. Экинчиден, планета ысыган сайын вегетация мезгили узарып, жылуу болот. Үчүнчүдөн, көмүр кычкыл газынын концентрациясы көбөйгөн сайын өсүмдүктөр көп өсүп, фотосинтез да күчөшү ыктымал.
Кээ бир чөлкөмдөрдө вегетациялык мезгилдин узарышы менен фотосинтездин күчөшү өсүмдүктүн көңдөйлөрүнүн жабылышынан ылдам жүрүп, мунун натыйжасында өсүмдүк сууну мурдагыдан узак керектеп, кыртышта суу азайып, кургак жер көбөйөт.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.scitecheuropa.eu)
Амирбек Азам уулу, “Болочокто Евразияда суу тартыш болушу ыктымал”