Get Mystery Box with random crypto!

Бир күнү мугалим доскага төмөнкүлөрдү жазды: 9 × 1= 7 9 × 2= 1 | Омур бул жолдогу бекет

Бир күнү мугалим доскага төмөнкүлөрдү жазды:
9 × 1= 7
9 × 2= 18
9 × 3= 27
9 × 4= 36
9 × 5= 45
9 × 6= 54
9 × 7= 63
9 × 8= 72
9 × 9= 81
9 × 10= 90
Жазып бүтүп артына караса окуучулар биринчи көбөйтүүнүн туура эмес экендигине күлүп жатышкан эле. Мугалим аларга:
"Мен муну атайын туура эмес жаздым. Себеби, бүгүн силерге бир маанилүү нерсени үйрөтөм. Бул нерсе адамдардын силер менен мамиле кылуусуна байланыштуу. Эгер маани берсеңер мен биринчиден башка бардык көбөйтүүлөрдү туура жаздым. Бул үчүн мени эч ким куттуктаган же мактаган жок. Бары менин бир гана катам үчүн күлүп олтурушту. Айланаңардагы көпчүлүк адамдар дал ушундай. Аларга миллион жолу жакшылык кылсаң маани беришпейт. Эгер бир жолу ката кетирип койсоң барбы, алар сенин үстүндөн күлүп, шылдыңдап башташат.
Эсиңерде болсун:
Башкалардын сөздөрү, же басмырлоосу силерди аракеттен токтотуп койбосун."