Get Mystery Box with random crypto!

- МЕНИ АПАМ ТҮШҮНБӨЙТ деп дайректте келген катка туш болдум ⠀ | Визомка

- МЕНИ АПАМ ТҮШҮНБӨЙТ деп дайректте келген катка туш болдум

жана бүгүн эне жөнүндө жазгым келди..

сен жалгыз, жапжалгыз калганда, сен ооруп калсаң, сен чачың уйпаланып ушунчалык өзүңдү сулуу эмес сезгенде, сен эч кимге бир тыйын пайдаң тийбей турган абалда калсаң да, сен акыл-эсиңди жоготсоң да, сен кылмыш кылсаң да, баары сени чанып кете тургандай уяттуу иш кылсаң да, ишиң жүрүшпөй жердин түгүнө киргидей болуп
мүңкүрөп турсаң да сенин жаныңда боло турган жалгыз адам бул бир гана апаң.

дүйнөдөгү бардык адамдар сага каршы туруп, факттар турса да апаң үчүн сен баягы кичинекей аппак бөбөксүн. бул сүйүү взамен эч нерсе талап кылбай турган тунук.

тилеке каршы "апам түшүнбөйттөн" эми чыгып, апанын баркын сезгенде өтө көп жыл өтүп кеткен болот.

мен "идеалдуу кызы" эмесмин, бирок азыр мүмкүнчүлүк барда болгон сүйүүмдү көрсөтүп, колумдан келген жакшылыкты кылгым келет. баарыбызга ошол ыйыктыгын сезген осознание эрте, кечикпей келишин каалайм