Get Mystery Box with random crypto!

мен саар туруп мультик көрүп отурсам дублёнкасы менен туруп жа | Визомка

мен саар туруп мультик көрүп отурсам дублёнкасы менен туруп жаап ороп, кайра жатат эле.

орозо тутканда танкы 4тө ооз ачышат, мен уйкум аябай келсе дагы бир тизесин кармап отура турган мүмкүнчүлүктү кое бергим келбей чогуу турчум.

жыл сайын кулагымды көрсөткөнү ооруканага жатам, акам келсе эле ыйлап ием "зээригип жүрөгүм кысылтат ака" деп, нивеа топтор бар эле, ар келгенде палата мн ойной турган нерселерди сатып берет.

детский ооруканын айланасында жайып алып саткан базарда болгон нерсенин ар бирин алгам мен)

мага акам бар болсо бул дүйнөдө только жакшы нерсе болот, любой проблеманы чечет, эч ким "мышыгымды пыш дей албайт" деген ишеним бар эле.

эң сонун балалык үчүн ыраазамын акама
менин жанымда болгон убакта идеалдуу жашоонун моделин бере алган, ошол үчүн кийинки "анча эмес" жашоого мен көнө албай койдум окшойт.