2022-04-29 14:44:34
Мына ошентип биздин жерде дагы Covid-19 пандемиясы аяктап, кайрадан нормалдуу жашоого кайтып келе баштадык. Жумушка чыгып, көчөдөн жана бөлмөлөрдөн беткап тагынганды токтотуп, аны менен бирге чек-аралар дагы ачылды. Көпкө күтпөй, эс алуу жана саякат деген темаларды дагы көтөрүп, талкуулап баштадык. Онлайн жашоодогу иш-чараларды эми оффлайн жашоого өткөрө баштадык. Мурда башка шаарга бараарда, эч кимди тааныбай, чоочун кишилерден эле Airbnb батир алып, туристтер барган жерлерди көрүп кетип калчубуз. Эми болсо, «Чөйрө» түзүлгөн соң, бара турган жердеги кишилерди эстей баштадык.
Тилектеш адамдарды алыс жактан көрөсүң. Бул жолу дагы ITJoop долбоорунда иштешип жүргөн Элзада Шадыбекова менен байланышып, Гент шаарына сапар алдык.
Балдар каникулда, анын үстүнө уулум мектепте Франция тарыхын өтүп, Наполеон жөнүндө көп айтып берип жаткан убактысы. Ошондуктан, жолдон биринчи 1815-жылдагы Ватерлоо согушу болуп өткөн жерге бардык. Бир карасаң жөн эле талаа, анан ортосунда кичинекей тоочо кылып, үстүнө арстандын эстелигин коюп койгон. Жанында болсо бир-эки имарат турат. Бирок тарыхты эске алып, согуштун айынан канчадаган адамдын жашоосу морт кеткенин көрсөтүп, ичинде заманбап музей жасап коюшкан.
Ошентип, суктанган бойдон жолго чыктык, жолдон Ватерлоо шаарчасын көрүп алып. Айтмакчы, Гент шаарына мурда эле барганбыз, бирок онлайн тааныш адамдардын үйүнө биринчи жолу барып жатабыз. Ойлогондой эле сонун адамдар экен. Үй-бүлөлөрүбүз таанышып, көп жылдан бери көрө элек классташ, тууган адамдардай болуп, түнгө чейин сүйлөшүп отурдук. Таттуу тамак, баштан өткөргөн окуялар жана алыга койгон ой-максттар менен ачык бөлүшүп аттык. Уктап, эс алып, эртеси кайра сапарга чыктык.
Күн жылуу болгонуна байланыштуу деңиз жээгине жол тарттык. Биз барган шаардын аты Де-Панне, Бельгиянын түштүк-батыш тарабында, Франция менен чектеш аймак. Пляждары кенен, таза жана анын жанында көп үйлөр бар жер. Сейилдеп, ойноп, жергиликтүү элдин тамагын жеп, жанындагы Plopsaland деген оюн-зоок паркына барып, чер жаздык. Кайрадан биз Гент шаарындагы жаңы досторубуздун үйүнө жөнөп, жашообуздагы сериалдын экинчи эпизоду жөнүндө түнгө чейин сүйлөшүп отурдук. Балдарыбыз дагы бири-бири менен жакшы сүйлөшүп, сөз табышып алышты.
Кайрадан эс алып, кийинки шаарыбызга жөнөйлү деп жатсак, Нарынбек Бельгиядагы кыргыздар менен чогуу футбол ойногон команда чакырып атат, барып келели деп сунуштап, ушунча келдик, эми таанышканыбыз деле жакшы деп ал жака жөнөдүк. Көрсө, бул жолкусунда, алар дагы жөн гана футбол ойнобостон, казан алып келип, үй-бүлөлөрү менен жашыл жайытта, Бален деген шаарда эс алуу мааракеси экен. Бапылдап, күлүп жайнап, кыргыздар менен таанышып, балдар бир күн кечке футбол ойноп, сонун күн өткөрдүк. Ошентип Бельгияда биздин сапар аяктады. Ыраазычылыгыбызды билдирип, батабызды берип, жаңы байланышыбыз жемиштүү болсун деген үмүт менен жолго чыктык.
Апрель айы эмеспи, Бельгиянын жанында Голландия деген сонун мамлекет бар. Ал жакта, баарыңар билгендей сонун гүлдөр өсөт. Анан азыр ал гүлдөп турган кези. Ошол жерге дагы бара келели деп, түндүктү көздөй айдадык. Бара турган жерибизге жетип, тамактанып алып, велосипедтерди ижарага алып, гүл жайнаган талааларды кыдырып, сүрөткө түшүп анан үйүбүзгө жөнөдүк. Мына ошентип, жазгы каникул дагы аяктап, кечке эле компьютерди тиктеп отура бербей, талаалап, сейилдеп, жаңы күч менен кайрадан жумушка кириштим.
https://toktakunov.com/kg/kelechek-gent/
855 viewsAzamat Toktakunov, 11:44