Get Mystery Box with random crypto!

КУРМАН АЙТ КҮНҮ НАМАЗДАН КАЙТЫП КЕЛИП ӨЗ КУРМАНДЫГЫНАН ЖЕГЕНГЕ | ТИЛМЕЧ

КУРМАН АЙТ КҮНҮ НАМАЗДАН КАЙТЫП КЕЛИП ӨЗ КУРМАНДЫГЫНАН ЖЕГЕНГЕ ЧЕЙИН ЭЧ НЕРСЕ ЖЕБЕЙ ТУРУУ

Бурайда ибну Хусайб, радыяллаху анху, риваят кылат:

«Пайгамбар ﷺ орозо айт күнү бир нерседен даам татмайынча үйүнөн чыкчу эмес эле. Ал эми курман айт күнү намаздан кайтып келгенге чейин эч нерсе жечү эмес». (Тирмизи)

Ал эми имам Ахмаддын риваятында мындай деп айтылат:

«Аллахтын элчиси ﷺ орозо айт күнү бир нерсе жемейинче үйүнөн чыкчу эмес. Ал эми курман айт күнү намаздан кайтып келип өз курмандыгынан жегенге чейин эч нерсе жебейт эле». (Ахмад)

Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech