Get Mystery Box with random crypto!

​​ ҮЙҮҢӨ ЖИН-ШАЙТАНДАР ЖОЛОБОСУН ДЕСЕҢ   ● Кайсы бир адам үйү | ТИЛМЕЧ

​​ ҮЙҮҢӨ ЖИН-ШАЙТАНДАР ЖОЛОБОСУН ДЕСЕҢ
 
● Кайсы бир адам үйүнө киргенде жана тамактан алдын «бисмиллах» деп айтпаса, анда ал үйгө жин-шайтандар кошо кирет жана аны менен бирге тамак жешет. 

● Кайсы бир адам үйүнө киргенде салам айтып кирбесе, анда ал үй-бүлө берекеден куру калат. 
 
● Кайсы бир үйдө эртели кеч музыканын үнү өчпөсө жана адамдарды жеңил ойлуулукка, бузукулукка үндөгөн теле берүүлөр, сериалдар такай көрүлсө, анда жин-шайтандарга ал үйдөгү адамдарды азгырууга жол ачылат.

● Кайсы бир үйдө жандуу заттардын сүрөттөрү илинип турса же жандуу заттардын айкелдери турса, анда ал үйгө периштелер жолобойт. Периштелер жолобогон жайга жин-шайтандар толот.
 
● Кайсы бир үйдө эркек же аял үй-бүлөсүнө динди үйрөтпөсө, аларга тууралыкты көргөзүп, туура тарбия бербесе, анда ал үй-бүлө динден алыстайт. Ал үйдүн ичи жарык болсо да караңгылык каптайт, ал үйдүн ичи кенен болсо да андагы адамдардын жан дүйнөсү тарыйт. 

Эгерде кайсы бир үйдүн абалы ушундай болсо, анда жин-шайтандар эмне кылат деп ойлойсуз?
 
Алар ал үй-бүлөнү бузууга, аял менен күйөөнү, ата-эне менен балдарды уруштурууга, бири-бирине жаман көргөзүүгө аракет кылышат. Жин-шайтан кирген үй-бүлөдөн ынтымак жана береке качат, жубайлардын ортосундагы бири-бирине болгон сүйүү жана мээрим кетет. Мунун арты жубайлардын ажырашуусуна же алардын ортосундагы махабаттын өчүүсүнө алып барат.
 

Андыктан үйүңүзгө киргенде унутпай «бисмиллах» деп айтыңыз, киргенден кийин эч ким жок болсо да «ассаламу алейкум» деп салам айтыңыз, мына ошондо үйүңүзгө жин-шайтандар жолобойт жана үйүңүздө береке болот. Ошондой эле үйдө болгондо Куранды көп-көп окуп туруңуз, Аллахты дайым зикир кылыңыз, мына ошондо үй-бүлөңүздө бактылуулук, бейпилдик өкүм сүрөт.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech