Get Mystery Box with random crypto!

​​ БИР ЖАКШЫЛЫГЫ ҮЧҮН БҮТКҮЛ КҮНӨӨСҮН КЕЧИРДИ Имам Шиблийдин | ТИЛМЕЧ

​​ БИР ЖАКШЫЛЫГЫ ҮЧҮН БҮТКҮЛ КҮНӨӨСҮН КЕЧИРДИ

Имам Шиблийдин бир досу айтат:

«Имам Шиблий бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо андан:
 – Аллах сага кандай мамиле кылды? – деп сурасам, ал айтты: «Ал мени Өз алдына тургузуп: 
 
– Оо, Абу Бакр! Билесиңби, мен сени кайсы нерсең үчүн кечирдим? – деп сурады. Мен:
 – Жакшы иш-аракеттерим үчүн чыгар,– десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
 
– Анда ыкластуулугум жана ибадаттарым үчүн чыгар? – десем: 
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
 
– Анда ажылыгым, орозом жана намаздарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, Мен сени ал үчүн кечирген жокмун,– деди.
 
– Анда такыба адамдардын жанына көчүп барганым үчүнбү? – десем:
– Жок,– деди.
 
– Анда илим алуу үчүн узак сапарга чыкканым үчүнбү? – дедим.
– Жок,– деди.
 
– Оо, Раббим! Бул иштердин баарысы адамды азаптан сактай турган иштер го! Мен булардын баарысын Сени кичирет деген үмүттө алымдын келишинче жанталашып аткаргам,– дедим.
– Мен сени булар үчүн кечирген жокмун,– деди.
 
– Оо, Аллах! Анда кайсы ишим үчүн кечирдиң? – деп сурасам, Ал айтты:
– Бир жолу сен Багдаддын көчөлөрүнүн биринде баратып кичинекей бир мышыкты көргөнүң эсиңдеби. Ал катуу сууктан улам өлөйүн деп бутун жерге коё албай дубалдан дубалга секирип жаткан болчу. Ошондо ага бооруң ооруп, аны сууктан коргош үчүн үстүңдө жамынган чепкениңе орогонсуң. 
– Ооба, эстедим,– дедим.
– Сен ошол мышыкка бооруң ооруп мээрим төккөнүң үчүн Мен сага ырайым кылдым,– деди. ("Тарих", Ибн Асакир, 342)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech