Get Mystery Box with random crypto!

​​ ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШТУУ СУРОО-ЖООПТОР ❑ Гусул деген эмне? Гу | ТИЛМЕЧ

​​ ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШТУУ СУРОО-ЖООПТОР

❑ Гусул деген эмне?

Гусул деген – денени баштан-аяк таза суу менен жуу жана тазалануу.

❑ Гусул кантип алынат?

­Ханафи мазхабы боюнча гусулдун 3 парзы бар: ооз-мурунду таза чайкоо жана дененин бир дагы жерин кургак калтырбастан толук жуу. Ушуларды аткарса, гусул алган болуп эсептелет.
 
❑ Сүннөткө ылайык толук гусул кандай алынат?

– Гусул алууну ниет кылуу;
– Колдорун үч жолу жуу;
– Сол колу менен жыныстык мүчөсүн жуу (истинжа);
– Намазга даарат алгандай даарат алуу;
– Башына суу куюп, чачтарынын арасына суу киргизип жуу;
– Сууну алгач денесинин оң жагына куят, андан кийин сол жагына куюп, денесин толук жууйт;

❑ Кайсы абалдарда гусул алуу парз болот?

Төмөнкү абалдарда гусул алуу парз:
– Аял-күйөөнүн ортосундагы жыныстык катнаштан кийин;
– Уктаган же ойгоо абалда эркектен жана аялдан уруктуктун чыгуусу, түшүркөө (поллюция);
– Уруктук (сперма) чыкпаса да, эркек менен аялдын жыныстык мүчөлөрүнүн бири-бирине тийүүсү;
– Аялдын айызы бүткөндөн кийин;
– Төрөттөн кийинки нифас каны токтогондон кийин;
– Ислам динин кабыл алганда;
– Адам өлгөндө аны жуунтуу;

❑ Гусулсуз абалда кандай нерселерди кылууга болбойт?
 
Гусулсуз абалда төмөнкүлөрдү кылууга болбойт:
– Намаз окуу. Парз болобу, нафил болобу, дегеле намаздын кандай түрү болбосун, гусулсуз окууга болбойт.
– Каабаны таваф кылуу, тагыраак айтканда Каабаны айланууга болбойт.
– Куран китебин кармоо. Анткени Куран китебин гусулдуу жана даараттуу адам гана кармаганга уруксат. Ханафи мазхабында Курандын тафсирин да гусулсуз кармоого болбойт деп айтылат.
– Куран окуу, китептен болобу, оозеки болобу, айырмасы жок, гусулсуз адамга Куран окуу тыйылган. 
– Мечиттин ичинде олтуруу. 

❑ Гусулсуз абалда кайсы нерселерди шариятта кылууга уруксат?

Гусулсуз абалда Куран угуу, ооз жабуу, зикир кылуу, дуба кылуу жана Курандан башка диний китептерди окууга уруксат. 

❑ Кайсы учурларда гусул алуу сүннөт болуп эсептелет?

Жума жана айт намаздарына гусул алып баруу, ажылыкка же умрага ниет кылып, ихрам кийимин киерде, Арафатта туруудан алдын жана өлүктү жуугандан кийин сүннөт болуп эсептелет. Ошондой эле ыйык жерлерге барардан мурун гусул алып чыгуу да мустахаб.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз