Get Mystery Box with random crypto!

​​ ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ БЕШ АРТЫКЧЫЛЫК    Ибну Ражаб, рахимахуллах | ТИЛМЕЧ

​​ ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ БЕШ АРТЫКЧЫЛЫК
  
Ибну Ражаб, рахимахуллах, Шаввал айынын артыкчылыктары туурасында мындай деп айткан:
 
❏ Биринчиден, Рамазан орозосун туткандан кийин Шаввал айында да алты күн орозо тутуу – бир жыл толук орозо туткандын сообуна барабар.
 
❏ Экинчиден, Шаввал айы менен Шаабан айындагы орозолор – парз намаздардын алдынан же артынан окулуучу сүннөт намаздар сыяктуу. Парз намазда катачылык же кемчилик кетсе, анда ал ушул намаздар менен толукталат. Чындыгында кыямат күнү парз намаздар сүннөт намаздар менен толукталат. Бул туурасында пайгамбарыбыз ар түрдүү далилдер келген. Ошол сыяктуу эле көпчүлүк адамдар да Рамазанда туткан орозолорунда катачылык жана кемчиликтерди кетиришет жана алар да кыяматта толуктоого муктаж болот.
 
❏ Үчүнчүдөн, Рамазан орозосунан кийин да орозо кармоону адат кылуу – Рамазан орозосунун кабыл болгондугунун белгиси. Чындыгында Аллах Таала пендесинин кылган ибадатын кабыл кылса, анда ага андан кийин да жакшылыктарды кылууга ийгилик берет. Кээ бир аалымдар айтышкан: «Жакшылыктын сообу – андан кийинки кылынган жакшылыктан билинет. Кимде-ким жакшылык кылса жана андан кийин да башка жакшылыктарды кылса, анда бул анын биринчи кылган жакшылыгынын кабыл болгондугунун белгиси. Ошол сыяктуу эле кимде-ким жакшылык кылып, бирок анын артынан күнөө кылса, анда бул анын кылган жакшылыгынын кабыл болбогондугунан кабар берет».
 
❏ Төртүнчүдөн, Рамазан орозосу хадисте айтылгандай адамдын өткөн күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Рамазанда орозо туткандар сооп-сыйлыктарын Орозо айт күнү толугу менен алышат, бул күн – сыйлык күн. Мына ошол себептен Орозо айттан кийин орозо тутууну адат кылуу – берилген сооп-сыйлыктарга шүгүр кылууга жатат. Ал эми өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши – жакшылыктардын эң улуусу. Пайгамбар ﷺ түндөсү намазда көп турганы себептүү буттары шишип кетчү. Күндөрдүн биринде Аиша энебиз андан “Оо, Аллахтын элчиси! Аллах Таала сиздин өткөн жана келерки бардык күнөөлөрүңүздү кечирди го, эмне үчүн мындай кыласыз?” деп айтканда, ал айтты: “Мен да Аллахтын көп шүгүр кылууну каалаган пенделеринен болсом болбойбу?”. (Сахих Бухари)
 
Аллах Таала пенделерине Рамазан орозосун тутууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн аларды шүгүр кылууга буйруган. Мисалы, Аллахты зикир кылууга ж.б зикирдин түрлөрүн аткарууга буюруп мындай деп айтты: «Ал силерди белгилүү сандагы күндөрдү (орозону) аягына чейин толуктооңорду жана силерди Туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктооңорду каалайт. Балким шүгүр кылаарсыңар». (Бакара сүрөөсү, 185-аят)
 
Пенденин Рамазандан кийин Аллахка шүгүр кылып туткан орозосу – жалпысынан Аллахтын ага Рамазан орозосун тутууга ийгилик, жардам бергени үчүн жана күнөөлөрүн кечиргени үчүн Раббисине шүгүр кылганына кирет. Алгачкы улуу муундун кээ бир аалымдары ушундай кылышкан. Эгерде Аллах таала ага түнкү намазды окууга ийгилик берсе, анда ал күндүзү орозо туткан жана ал орозосун Аллах аны түнкү намазга турууга ийгилик бергени үчүн Ага шүгүр кылуу максатында туткан. 
 
Эгерде кимдир бирөө Вухайб ибну Вардтан кылынган ибадаттын (мисалы, тавафтын ж.б) сообу туурасында сурап калса, ал мындай деп айтчу: “Анын сообун сурап не кыласыңар, андан көрө ошол ибадатты кылууга ийгилик жана жардам берген Аллахка кантип шүгүр кылуунун жолун сурагыла”. 
 
❏ Бешинчиден, адамдын Рамазанда кылган ибадаттары Рамазандын бүтүшү менен эле токтоп калбайт. Ал ибадаттарды адам тирүү кезинде дайым кылса болот. (“Латоифуль Маъариф”, 321)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз