Get Mystery Box with random crypto!

БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ? Битир садака Айт намазга чейин же | ТИЛМЕЧ

БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Битир садака Айт намазга чейин же эртең Айт деген күнү кеч киргенден баштап берилет. Анткени күн киргенде ооз ачылат. Ошондуктан бул садака – битир садака (ифтар же ооз ачуу садакасы) деп аталган.

Битир садаканын эң жакшысы – Айт күнү таң аткандан баштап Айт намазга чейинки убакытта берилгени. Бул туурасында Ибну Умар, радыяллаху анху, мындай деп айткан: 
«Пайгамбар ﷺ битир садаканы адамдарга Айт намазга чыгардан алдын бергиле деп буйруган». (Сахих Бухари, Сахих Муслим)

Ошондой эле Айттан бир-эки күн алдын берүүгө да уруксат. Анткени кээ бир учурларда битир садаканы жыйнап, аны кедей-кембагалдарга таркатуу үчүн убакыт талап кылынат. Ошол себептен шариатта ушундай кылууга уруксат берилген. Бул туурасында Ибну Умар, радыяллаху анху, айткан: «(Сахабалар) битир садаканы Айттан бир-эки күн алдын беришчү». (“Аль-Фатаава Хиндийя”, “Фатхуль Кодийр”)

Басымдуу аалымдар битир садаканы Айт намазынан кечиктирбеш керек деп өкүм беришкен. Эгерде ким кечиктирген болсо, анда хадисте айтылгандай анын бергени кадимки садака бергенге эле жатып калат. Ал эми аны себепсиз кечиктирсе, анда ал күнөөкөр болот. Ал эми Ханафи мазхабында адам Рамазан башталгандан кайсы убакта берсе да, битир садаканы берген болуп эсептелет, бирок Айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз