Get Mystery Box with random crypto!

​​ КАДЫР ТҮНДӨ УШУЛ ЗИКИРЛЕРДИ АЙТЫҢЫЗ Кадыр түндө айтылган | ТИЛМЕЧ

​​ КАДЫР ТҮНДӨ УШУЛ ЗИКИРЛЕРДИ АЙТЫҢЫЗ

Кадыр түндө айтылган зикирлердин эң жакшысы – «Аллахумма иннакя аъфуввун, тухиббуль-аъфва, фаъфу аънни» (Оо, Аллах! Чындыгында Сен Кечирүүчүсүң. Кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечир). 

Ошондой эле төмөнкү зикирлерди да айтсаңыз болот:

❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)

❏ СУБХААНАЛЛАХ (Аллах айып-кемчиликтерден Аруу)

❏ АЛХАМДУЛИЛЛАХ (Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун)

❏ АЛЛАХУ АКБАР (Аллах улук)

❏ СУБХААНАЛЛАХИ УА БИХАМДИХИ (Аллах аруу жана Ага мактоолор болсун)

❏ СУБХААНАЛЛАХИ УАЛХАМДУЛИЛЛААХИ УА ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАЛЛААХУ АКБАР (Аллах аруу, Ага мактоо болсун, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Аллах улук)

❏ АСТАГФИРУЛЛАХ (Аллахтан кечирим сурайм)

❏ АСТАГФИРУЛЛАХА УА АТУУБУ ИЛАЙХИ (Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тообо кылам)

❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛА АНТА, СУБХААНАКА, ИННИИ КУНТУ МИНАЗ-ЗООЛИМИИН (Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң! Чындыгында мен өзүмө зыян кылуучулардан болдум)

❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАХДАХУ ЛАА ШАРИИКА ЛАХУ, ЛАХУЛЬ МУЛЬКУ УА ЛАХУЛЬ ХАМДУ УА ХУА АЪЛАА КУЛЛИ ШАЙИН КОДИИР (Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Бул зикирлерди канча кааласаңыз айта бересиз. Ар бирин жүздөн айтыңыз же миңден айтыңыз, кыскасы эч кандай чектөө жок. Канчалык көп айтсаңыз ошончолук сооптуу. Ошондой эле зикирди айтардан алдын сөзсүз түрдө анын кыргызча маанисин да окуп алыңыз. Айтып жатканда Аллахтын улуктугун жүрөгүңүз менен сезип, жан-дилиңиз менен берилип чын ыкластан айтыңыз. Зикирди тил менен гана кайталай бербестен, андагы камтылган маанини жүрөк менен туюп айтуу зарыл. Мына ошондо зикир толук болуп эсептелет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз