Get Mystery Box with random crypto!

​​ КУРАН МЕНЕН ОРОЗОНУН АКЫРЕТТЕГИ ОРДУ    Кыяматтын кыйын кү | ТИЛМЕЧ

​​ КУРАН МЕНЕН ОРОЗОНУН АКЫРЕТТЕГИ ОРДУ
  
Кыяматтын кыйын күндөрүндө адам баласы кыпындай соопко муктаж болуп, кыйынчылыктан кутулуунун жолун издеп, эмне кыларын билбей жан дүйнөсү тилинип турганда, анын бул дүйнөдө окуган Кураны жана кармаган орозосу Аллахтын алдында ага ортомчулук кылат, анын таламын талашып коргойт. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«Кыямат күнү орозо жана Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүз кумарлануудан жана тамактануудан тыйдым, эми мага ал үчүн шапаат кылууга уруксат бер». Ал эми Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым, эми мага ал үчүн шапаат кылууга уруксат бер». Ошондо аларга шапаат кылууга уруксат берилет». (Ахмад, 6626)

Көпчүлүк адамдар хадистеги «шапаат кылат» деген сөздү окуганда, буга анчалык деле маани бербейт, кадимки эле көрүнүштөй кабыл алат. Бирок кыямат күнү адамдын акылына келбегендей коркунучтар аны туш тараптан каптаганда, адам ким мага шапаат кылар экен, ким мага жардам берер экен деп зар какшайт. Ошол күндө Курандан окуган ар бир тамгаң, Аллах ыраазылыгы үчүн кармаган ар бир орозоң сени издейт, Кудай алдында сени жактап чыгат, сага шапаат кылып, кыяматтагы кыйынчылыктардан коргойт.

Бул дүйнөдө башыбызга кыйынчылык келген кезде жардам бере турган адамдарды эстейбиз, ал эми кыяматка барганда эч бир адам оюбузга келбейт, ал кезде бизге жардам бере турган ибадаттарды гана эстейбиз. Эгерде бул дүйнөдө акыретиң үчүн камдаган ибадатың болбосо, анда кыяматта унутта каласың, кордукта каласың, өмүрүңдө болуп көрбөгөндөй эң катаал азаптарды баштан кечиресиң. 

Эми ойлонуп көрчү, акырет жашооң үчүн канча Куран даярдадың, канча орозо камдадың? Куран оку десе, кээ бир адамдар тилим келбейт деп чыгат, орозо карма десе ар кайсы шылтоонун башын айтат. Акыретке барганда Курандан башымды көтөрбөй окуйм деп жалдырасаң да, ооруп кыйналганыма карабастан орозо кармайм деп жалынсаң да, сенин бир дагы суранычың кабыл кылынбайт. Андыктан үйрөнө албайм, тилим келбейт деп ар кайсы шылтоону айта бербей Куран окуганды үйрөн, орозо кармай албайм деп көрүнгөн шылтоолорду издей бербей орозо карма. Анткени чыныгы жашоодо ушул нерселердин гана пайдасын көрөсүң. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз