Get Mystery Box with random crypto!

​​ АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ Аллах таалага жакындат | ТИЛМЕЧ

​​ АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ

Аллах таалага жакындаткан эң улуу нафил ибадаттардын бири – Куранды дайым окуу, кунт коюп угуу жана анын ичиндеги маанилерге ой жүгүртүү. Курандын ар бир тамгасында сооптор бар, ар бир аятында жакшылыктар бар, ар бир сүрөөсүндө эки дүйнө бактысына багыт көрсөткөн жолдомолор жана жол-жоболор бар. Куран китеби бизге Кудайды тааныткан эң улуу китеп жана ал пенде менен Раббисинин ортосундагы эң күчтүү байланыш.
 
● Улуу сахабалардын бири Хаббаб ибну аль-Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп насыйкат кылган:
 
«Аллахка жакындоого болушунча аракет кыл! Билип кой, Аллахка сүйүктүү иш-аракеттердин арасынан сени Ага Куран китебинчелик башка эч нерсе жакындата албайт». («Жаамиъ аль-Улуум уаль-Хикам», 36)
 

● Имам Сахнун (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат: 

«Абдурахман ибну аль-Касим дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо мен андан:

– Сенин кылган иштериңдиң арасынан эң жакшысы кайсы экен? – деп сурасам, ал: 

– Куран тилават кылганым,– деп жооп берди. («Сияр аль-Аьлаам ан-Нубала», 2/321 )
 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://instagram.com/tilmech
➤➤ https://facebook.com/tilmech

Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз