Get Mystery Box with random crypto!

​​ ДУБА КЫЛГАН АДАМ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИН БИРИНЕ ЖЕТЕТ   Кээде ада | ТИЛМЕЧ

​​ ДУБА КЫЛГАН АДАМ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИН БИРИНЕ ЖЕТЕТ
 
Кээде адам жакшы ой-тилектерин Аллахтан сурап көпкө чейин талыкпай дуба кылат, бирок эч кандай натыйжа чыкпаганын көрүп, дубам кабыл болбойт окшойт деген ойдо дуба кылууну такыр таштап коёт. Мындай кылган туура эмес! Дубаны таштап коюу өтө чоң жаңылыштык. Дуба – Аллахтын мусулманга берген эң чоң куралы. Ким ал куралды туура колдоно билген болсо, анда ал акыры көздөгөн ой-максатына сөзсүз жетет.

Билесизби, пайгамбарыбыз ﷺ хадисинде эмне деп айткан:
 
«Акыйкатта Аллах – Уялуучу жана Берешен. Эгерде пендеси колун сунуп Андан бир нерсе сураса, аны куру жалак кайтаргандан уялат». (Тирмизи, 3556)

Сиз дуба кылдыңызбы? Эгер кылсаңыз, анда эч кабатыр болбоңуз. Анткени кылынган дуба эч качан текке кетпейт. Нажыйжада ушул 3 нерсенин бирөөсүнө жетесиз:

➤ Аллах ал дубаңызды бул дүйнөдө кабыл кылат.

➤ Же ал себептүү сизди кырсык-балээден сактайт.

➤ Же кыяматта ал дубаңыз үчүн көптөгөн сооп-сыйлыктарды берет.
 
Кээ бир диний булактарда ушундай деп айтылган сөздөр бар, адамдар кыяматка барганда бул дүйнөдө кабыл кылынбаган дубалары үчүн берилген соопторду көргөндө, алар дүйнөдө эч бир дубам кабыл болбой эле койсо болмок экен деп арман кылышат. Анткени Аллах адамдын кылган дубасын эч качан текке кетирбейт, Ал аны бул дүйнөдө кабыл кылбаса, анда ага акыретте эселеген соопторду берет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз