Get Mystery Box with random crypto!

• УШУЛ СУРООГО ЖООП ИЗДЕЙ БЕРЕМ Такыба аял (кыз) кандай бол | Тез окуу | Эс тутум

• УШУЛ СУРООГО ЖООП ИЗДЕЙ БЕРЕМ

Такыба аял (кыз) кандай болот, биз жашап жатткан заманда такыба болуу мүмкүнбү, мүмкүн болсо кантип боло аламын?

Бул суроо мени эле эмес көпчүлүк кыздарды, (аялдарды) да ойлондурса керек.

• Аялдар ушунчалык назик алсыз болгондуктан, тез ишенип, көп нерсеге тез азгырылып кетет. Азыркы учурда телефон иштетпеген адам жокко эсе, телефон иштеткен адамдардын баары эле жөнөкөй адам эмес, бирөө өзүн жарнама кылып, бирөө өзүнүн билимин бөлүшүп, бирөө болсо товарын сатып элге таанымал болуп, элдин көз алдында жүрөт. Аны көргөн жөнөкөй адамдар болсо, менда ушинтип телефонго чыксам жыргап кетем деп, колунан келишинче тик ток, инстаграмга өзүн чыгарып, убактын кетирип жатышат, өзүн чыгарбаса деле инстаграм, тик тик токтон башы чыкпай калгандар толтура.

Эмнеге бул нерсени айтып жатам, анткени, азыркы учурда эң глобалдуу маселе ушунда жатат да, аялдар - балдарын, үй-бүлөсүн, кыздар - келечегин ойлонбой телефон караса, анда өзүн эле эмес, бүтүндөй бир коомду караңгылыка түртөт туурабы?

Анан да такыба болууга аракет кылайын десең телефон эң чоң тоскоол болот, телефон колдонбой кою деген жок, бирок, туура жака колдонуу деген бар. Телефон бизге иштесин, биз телефонго иштебей.

• Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) : " Аял качан беш убакыт намаз окуса, өзүнүн уяттуу жерин сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе, ал бейиштин каалаган эшигинен кирет".

Бүгүн "Бейишке татыктуу аял" китебинде ушул риваятты окуп,аял ушул иштерди аткарса такыба болот экен да анда деп калдым, анткени такыбалар бейишке кирет да.

• Аял беш убак намазын калтырбай окуусу үчүн ыймандуу болуусу керек, ыймандуу болуу үчүн көп китеп окуу керек, анткени китепте бизди ыймандуу кыла ала тургандай маалыматтар, сөздөр бар. Аял киши-акылдуу болсо, ыймандуу да, сабрдуу да, күчтүү да боло алат, акылдуу болуу үчүн-сөзсүз түрдө китеп окуп, көп билимге ээ болуусу керек.

• Такыба болууга аракет-китеп окуудан башталарын мен дагы эми билип келе жатам, ошого биргеликте китеп окуп, такыба бололу жакшыларым.


https://www.instagram.com/p/CtmfUFDMEsJ/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==