Get Mystery Box with random crypto!

3-бөлүм Секелек кыздын кыялы максаты жокко чыкты дегенде... | Тез окуу | Эс тутум

3-бөлүм


Секелек кыздын кыялы максаты жокко чыкты дегенде...

Эң жакын курбусу Мадина ага бир китеп белек кылды.
- Досум мен сени жакшы көрөм бирок сага азыр кандай жардам берүүнү билбей турам...
- Мени жалгыз калтырсаң ошол жетиштүү досум!
- Макул, бирок мен берген китепти окууңду суранып калат элем!

Мадина ошентип үйүнө кетти.

Гули дагы эле өзүнө келе албай жүргөн убагы эле, китепти окуганы күчүда, каалоосуда жок болчу .
Бирок ал китепти сыртындагы жазууну көрүп кызыга баштады , китептин сыртындагы жазуу " БУЛ ЖАШОО УБАКТЫЛУУ" "КАЙГЫРУУ МЕНЕН ЖАШАБА" деген сөз болчу.

Кайра дагы ойлоно баштады...
Мен кантип ойлонбой жашайм? Жүрөгүмдүн соккусу келбей согуп жатса, атамды турсамда , отурсамда ойлоп жатсам...

Акыры китепти ачып окуп баштады ошол учурда анын жүзүндөгү жоголгон жылмаю бир ай дегенде кайра кайтты.
Анын кичинекей жылмаюсу, аны дагы да сулуу, ажарлуу, нурлуу кылып көрсөтүп турду.
Өзүда билбеген учурда китепти барактап, бактылуулугу артып жатты.
Китепте:
- Бул жашоонун уландысы акыретте...
Деген сөздү окуп аябай кубанды, себеби анда үмүт шамы ойгонду. -Ошондо мен атамды дагы көрөм деген.

Китептеги сөздөр:

Бири бирин катуу жакшы көргөндөр акыретте да бирге болот.
Аллах сүйгөн пенделерине сыноо берет.
Адамдар мейман сыяктуу, кайдан келишсе кайра ошол жака кайтышат.
Убакыт асырга ант. Аны пайдалуу жака колдон.

Ушундай сөздөрдү окуган кыз ойгоно баштады...
Жашоого кайта баштады...

Ошонтип....

Уландысы бар...

Уландысын реакцияңыздарга карап чыгарам

https://t.me/gulmira_jigitalieva